Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖК депутаты кыргызстандыктарга пенсияны бир төлөм аркылуу берүүнү сунуш кылат

Соцфонд бул маселенин үстүнөн иштеп баштады

Депутат Тазабек Икрамов Соцфондго жарандардын каалоосу боюнча пенсиянын топтомо бөлүгүн бир төлөм аркылуу берүүнү сунуш кылды. Бул тууралуу ал парламенттин пленардык жыйынында билдирди.

- Элдин баары эле пенсия курагына чейин жашай бербейт, ошондуктан Соцфонд бардык сумманы эсептеп, адам пенсияга чыкканда канча ала турган болсо ошонун баарын бир эле берип салуу керек, - деп түшүндүрдү ал. - Болбосо эки бөлүп берүү керек. Антпесе кээ бир адамдар пенсияга чыгып, үч, төрт жыл пенсия алат да, калган акчалары күйүп кетет. Эгерде пенсиянын топтомо бөлүгүн бир төлөм менен бирп сала турган болсок, ал киши өзү билет аны кандай пайдаланаарын. Балким ал бир жакшы нерсе сатып алып, аны мураска калтыраар.

Өз кезегинде Соцфонддун төрагасынын биринчи орун басары Гүлнара Жуматаева ага жооп кылып мекеменин бул маселенин үстүндө иштеп жаткандыгын айтты.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх