Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Майда барат жаңжалдар Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы мамилеге доо кетирет»

Социалдык тармактарда КЭР жараны уруп, кескилеген деген кишинин видеосу пайда болду

Жыл сайын Кыргызстанда КЭР жараны катышкан бир окуя болмоюнча койбойт, бирок көйгөй кытайда эмес, өзүбүздө. Мындай деген пикирин Vesti.kg сайтына жарандык активист Тимур Саралаев билдирди.

- Ооба, бычакташуу болуптур, бирок бул кытайлардын биринчи эле кол салуусу эмес кыргызстандыктарга, - деп белгилейт ал. - Алтургай ИИМ кызматкерлерин көптөп сабашып, барымтага алган учурлар болгон. Эмне, жыйынтык чыгарыштыбы ошондон? Албетте жок. Тилекке каршы бул системалык мүнөзгө өтүп кетти. Мындан ары да ушундай боло берет. Кыталар менен кыргыздардын жаңжалы мындан ары күч ала берет.

Саралаев мыйзам чегинде мунун алды албаса болбойт дейт.

- Ушундай майда барат жаңжалдардан улам Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы мамилеге доо кетет, - деп түшүндүрдү. - Кытай менен коңшу болуудан биз эч кайда качып кутула албайбыз, ошондуктан ачууга алдырбай, ойлонуп иш кылышыбыз керек. Маселени түп тамырынан бери чөчүү керек, тим коё турган болсок, Пакистандагыдай болуп жол курган кытай куруучуларын атууга чейин барышат.

Түшүндүрө кетели, мурдараак социалдык тармактарда жарадар болгон кишинин видеосу пайда болгон. Аны медиктер карап жатышат. Аны кытай жарандарынын сабап, бычактап салгандыгын сүрөттүп айтып берип жатышат.

Ал ортодо Чүй облусунун ИИМБ бул фактыны түшүндүрүп беришти. Үстүбүздөгү жылдын бетин айынын он экисинде түнкү саат 23.00 чамасында Жайыл районунун ИИБне билдирүү келип түштү. Жайыл районунун аймактык ооруканасына 35 жаштагы Кара-Балтанын тургуну М.И. жаткырылган. Анын мээси чайкалып, бети башы жарылып жана эки колунун манжалары жараланган.

«Окуя болгон жерге Жайыл райондук ИИБ ыкчам иликтөө тобу жөнөп кетти, - деп билдирет укук коргоо органдары. - Жабырлануучунун айтуусу боюнча, жетинин айынын онунда ал үйүнөн чыккан, ага белгисиз үч киши келип күч колдонуп, ак түстөгү «Toyota Windom» маркасындагы автоунаага салып кетишкен. Аны белгисиз бир жакка алып барып, колун байлап, учтуу нерсе менен сайгылашкан. Андан сырткары мойнуна кандайдыр бир үкөлдү сайышкан. Андан соң жабыркоочуну Кара-Балтадагы көчөнүн кесилишине таштап салышкан».

Бирок милиция бул кылмышты КЭР жарандары кылгандыгын тактай алган жок.

Бул факт Жайыл райондук ИИБ катталды жана КР КК 123 бер. (Адам уурдоо) менен кылмыш иши козголду.

Учурда бул кылмыштын бетин ачуу үчүн Жайыл РИИБ кызматкерлери зарыл болгон ыкчам иликтөө иш аракеттерин көрүүдө, - деп аяктады милиция.
Ошону менен бирге мессенджерде бештин айынын он төртүндө Джунда заводунда митинг болуп жатат деген маалымат таркап жатат.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх