Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү: Мен Эльвира Сурабалдиеваны коркуткан эмесмин - мен аны карындашымдай көрөм

Курманбек Дыйканбаев депутатка көйгөй тууралуу эскертейин дегем деп түшүндүрдү

Жогорку Кеңештеги президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаев Vesti.kg сайтына депутат Эльвира Сурабалдиева менен анын ортосунда түшүнбөстүк болуп кеткендигин билдирди.

- Менин сөздөрүмдү контексттен үзүп алышыптыр, - деп билдирди Курманбек Сапарович. - Бардык депутаттар менин бөлмөмө чогулушкан. Маселе андай коюлган эмес болчу. Күн сайын элдерде бир көйгөй жаралат. Ал көйгөйлөр ар кандай болушу мүмкүн. Эльвира Сурабалдиева мен үчүн депутат жана карындаш. Ал ар кандай курч маселелерди көтөрчү чыйрак депутат. Эльвира шейшемби күнү коррупцияга байланышкан маселе көтөргөн. Анын сөзүн ар тараптуу түшүнсө болот. Мен, улуу ага катары эскерттим, ар кандай көйгөй жаралышы мүмкүн, ошондон кийин гана чечим кабыл алыш керек дедим. Ал коркутууу эмес болчу. Кимдир бирөө ага жамандык кылам десе, мен анын жанында болуп, Эльвирага жардам берем. Мен анын апасын эже дейм. Твиттерде жазып жаткан адамдын өз иши дегилечи. Бирок мен ЖАМК биздин ортобузга от жагышын каалабайм.

Ошону менен бирге Дыйканбаев анын бөлмөсүндө «Росинбанк» ААК жана «Кыял» МИ байланышкан маселе көтөрүлбөгөнүн белгиледи.

- Үстүбүздө кудай турат, менин бөлмөмдө «Росинбанк» жана «Кыял» тууралуу бир ооз сөз айтылган жок. - Муну ал кийин ойлонуп туруп анан жазган. Менин бөлмөмдө мындай маселени депутаттар сүйлөгөн эмес. Эльвира Сурабалдиева мен сыйлаган адам, өсүп келе жаткан депутат, саясатчы. Мен ал үчүн туруп берем. Эльвираны сөз менен коркутуп коё турган депутат эмес. Ал күжүрмөн. Бул маселе жабык бойдон калышы керек.

Түшүндүрө кетели, кечээ Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева өзүнүн Твиттердеги баракчасына мына буларды жазып калтырган:

«1. Коррупция. 2. Мамлекеттик органдардын таза эместиги. 3. Бизнестин буулушу. Менин коррупция менен күрөшүүмдүн акыбети - кечээ бийик даражалуу адам мени ачык эле минтип коркутту - «Сени көйгөйлөр күтүп турат, бир айдан кийин билесиң». Ушундай биздин жашоо».
Кийинчерээк «Азаттык» маалымат агенттигине берген интервьюсунда коркутуу Курманбек Дыйканбаев тарабынан болгондугун билдирген. Анткени ал «Росинбанк» жана «Кыял» мамлекеттик ишканалары тууралуу маселени көтөргөн.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх