Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Президенттин аппаратындагылар Алмамбет Салиевди «көмүскөдөгү ханзаада» деген ушак кепти четке какты

Аппарат башчынын орун басары укук коргоочулардын ишине кийлигишпейт

Кээ бир ЖМКда пайда болгон президенттин аппарат башчысынын орун басары Алмамбет Салиев соттордун, прокуратуранын жана башка укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө кийлигишет деген сөз туура эмес маалымат Бул туурасында Vesti.kg сайтына өзүн Азамат деп тааныштырган анын жардамчысы билдирди.

- Бул маалымат чындыкка коошпойт, - деди ал. - Андай эч качан болгон да эмес. Бул менимче ушак сөз болсо керек.

Түшүндүрө кетели ЖМКда Алмамбет Салиевдин соттордун, прокуратуранын укук коргоо органдарынын иштерине кийлигишүүсү тууралуу маалымат таркап кеткен.

Кыргыз Республикасынын президентинин аппарат башчысынын орун басарынын иш бөлмөсүндө «Кимди камоо, кимди сотто» жана башка маселелер чечилет имиш. Ал чыгарылышта алтургай аны «көмүскөдөгү ханзаада» деп да аташат, андан көрсөтмө алуу үчүн башпрокурор баш болгон чиновниктер кезекке турушкан.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх