Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Атамбаевдин күйөө баласы Кыргыз Республикасынын футбол Федерациясынын президенттигинен кетти

Семетей Султанов анын бул кадамы кандайдыр бир басым же таасирден улам эмес экендигин белгиледи

Кыргыз Республикасынын футбол Федерациясынын президенти Семетей Султанов эс алууга кетти. Ал бул кызматты 2012-жылдан бери аркалап келди.
Султанов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин күйөө баласы экендиги жалпыга маалым. Анын кызматтан кеткендиги тууралуу арызы КРФФ сатында жарыяланган. Төмөндө ал кайрылуунун тексти:


«Урматтуу мекендештер! Урматтуу достор жана спорттун таң калыштуу, жагымдуу түрү болгон футболдун өнүгүүсү үчүн иштеп жаткандар!

2019-жыл башталды. Футбодук календар бул жылы аркандай кызыктуу жана чоң иш чаралар менен окуяларга бай. Бирок, алардын ичинен эң негизгиси биздин командабыздын Азия Кубогунун финалдык бөлүгүндө катышуусу болоору шексиз. Бул тарыхый окуяны биз көптөн күткүнбүз жана ага зор салымызды коштук, качандыр бир убакта бул нерсе биздин оюбузга да келчү эмес. Ал нерсе чындыкка айланды.

2012-жылы биз баарыбыз КРФФ Президенттигине шайлоого барганбыз, ошондо биз алдыга масат коюп, Азия Кубогуну» финалдык бөлүгүнө чыгабыз дегенбиз. Бирок бул максатка жетиш үчүн башка да мындан кем эмес маанилүү максаттарды ишке ашырыш керек эле - балдар-өспүрүмдөр, аялдар футболун өнүктүрүү, клубдук футболду өнүктүрүү, жогорку квалификациялуу адистерди - тренерлерди, судьяларды, администраторлорду, спорттук дарыгерлерди даярдоо жана ошондой эле аймактарга колдоо көрсөтүү, өнүктүрүү.

Төрт жылдык мөөнөт аздык кылат болчу, мен ошондуктан экинчи мөөнөткө сиздердин колдооңуздар менен калдым. Бул мезгилдин ичинде көп нерселер кылынды. Анын эң негизгиси биздин команданын Азия Кубогуна катышуусу болду.

Бүгүнкү күнү, биздин курама командабыз Азия Кубогу үчүн таймаш көрсөтүп жаткан чакта, мен өзүм үчүн эң маанилүү жана жоопкерчиликтүү чечимди кабыл алдым - бул менин КРФФ Президенттиги ыйгарымукугун мөөнөтүнөн мурда жыйыштыруум.

Бул чечимди кабыл алуу үчүн көп ойлонуп, көп толгондум жана ал өз убагында кабыл алынды. Бул күтүүсүз жерден болгон жок, мени эч ким таасир берип же басым көрсөтүп бул кадамга түрткөн жок. Биз муну командабыз Азия Кубогу үчүн оюнга катыша турган болсо ушинтели деп мурда эле ойлонуштуруп койгонбуз. Тилектерибиз кабыл болду, мен футболдогу өз үшимдин аягына чыктым деп ишенимдүү айта алам.

Менин бул чечимиме ар ким ар кандай ой айтаарын да билем. Ошондуктан менин айтаарым, бул чечим негиздүүжана салмактанып бүткөн чечим. Ой максаттарды карап көрө турган мезгил келип жетти, жаңыча ой жүгүртө турган, жаңы идеясы жана деми барларды табуу керек.

Мен кызматтан кетип жатып, кыргыз футболунун келечегине ишенээримди айткым келет. Мен аларга күч, кубат жана кайрат каалайм. Мындан ары да бийиктиктерге жетише беришсин.

Мен КРФФ Президенти болуп иштеген жылдарымда кимде ким мага колдоо көрсөтүп, бирге иштешкен болсо, мен аларга терең ыраазычылыгымды билдирем. Эң кыйын учурларда мени менен ийиндеш туруп, күчүн, убактысын аябай жеңиштерге жана ийгиликтерге салымын кошкондорго ыраазымын.

Ошондой эле тигил же бул себептен улам аткарылбай калган иштер үчүн кечирим сурайм.

Мен футбол Федерациясынын Президенттигинен кеткеним менен футболдо кала берем жана мындан ары да иштегенге даярмын. Мен өз өлкөмө сырттан да ичтен да колдоо көрсөтөм.

Мени менен бирге жол басып өткөндөргө дагы бир жолу ыраазычылык билдирем, учурдан пайдаланып биздин команданы БАЭгы Азия Кубогунда колдоп турууга чакырам! Алага, Ак Шумкарлар!», - деп жазат Семетей Султанов. (орфография жана пунктуация бузулбай сакталды)

сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх