Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жээнбеков өнөр жай секторунун «Кумтөрдөн» ашкере көз карандылыгын айтты

Президент кен иштетүү тармагына лицензия берүүдө кадимкидей кызыл кулактык өөрчүп кеткендигине ачууланат

Кен иштетүү тармагынын өнүгүшүнө жана ушул чөйрөгө инвестиция тартууда коррупциялык жол менен лицензия берүү бут тосуп жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн «Кыргыз Республикасынын кен иштетүү тармагындагы коопсуздукту камсыздоо боюнча чаралар тууралуу» маселе каралып жаткан Кыргыз Республикасынын коопсуздук Кеңешинин жыйынында айтты.

Мамлекет башчы жер байлыгын сактоо, табигый байлыктарды сактоо жана аларды акыл эстүүлүк менен пайдалануу - улуттук коопсуздукту камсыздоонун негизги багыттарынын бири. Бүгүнкү күндө тоо кен тармагынан республикалык жана жергиликтүү бюджетке 12 миллиард сомго жакын киреше түшөт. Бул ИДП 8 пайызын жана өнөр жай продукцияларынын көлөмүнүн 44 пайызын түзөт.Тоо кен өнөр жайында өлкөнүн 18 миңден ашуун жараны эмгектенет. Тоо кен өнөр жайынын негизин алтын казуу тармагы түзөт, чет элдик компаниялардын инвестициялары көбүнчө алтын казууга салынат.

«Тилекке каршы кен иштетүү тармагынын коопсуздугун камсыздоого тийешелүү көңүл бурулбай келет. Тескерисинче, бул тармак акырындык менен мамлекеттин көзөмөлүнөн чыгып кетти. Натыйжада азыркы учурда тоо кен өнөр жайында жана кен иштетүүдө көптөгөн көйгөйлөр топтолуп калды», - деп айтып, алардын кээ бирлерин атай кетти президент.

Жээнбековдун сөзү боюнча, бул коррупция, кээ бир мамлекеттик органдарда ал тереңдеп тамыр алып алган. Айрыкча лицензия- уруксат берүү системасында өөрчүп кеткен. Тийешелүү иштерди аткарбай эле лицензияны колдон чыграбай кармап турушат, максаттары кайра сатуу. Экологияны сактоо, баалуу дарактардын кыйылышы жана кыйылгандардын ордуна көчөт отургузуу иштерин кылышкан эмес. Бир компанияга ашкере эле көз каранды болуп алышкан - «Кумтор Голд Компани». кен иштетүү, энергетика жана өнөр жай Мамлекеттик комитетинин жергиликтүү бийлик менен начар кызматташкандыгынан тоо кен иштетүү өнөр жайына болгон элдин көз карашы салкындап баратат.

«Жергиликтүү бийлик кенди кандай инвесторго берип жаткандыгы тууралуу кээ бир учурларда билбей деле калат. Жыйынтыгында бул аймакка инвестиция салам деп жаткан инвестор менен ишкер мамиле түзө албай калышат. Мындай өз ара кызматташтыктын жоктугу инвестициялык климатка терс таасирин тийгизетжана калктын да ишенбөөчүлүгүн пайда кылат», - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент айткандай, кенди иштетүүгө берилчү лицензия маселеси бул тармактагы курчу маселе. Эгемендүүлүк алгандан бери кен байлыктарды колдонуу укугуна 2571 лицензия берилди. Геологиялык изилдөөлөргө жана алтын кендерин өздөштүрүүнүн бардыгы жеке компанияларга берилип кеткен. Бирок аларга лицензия берилипжаткан учурда мамлекет менен элдин кызыкчылыктары эске алынган эмес. Тескерисинче, бир ууч таасирдүү топтун кызыкчылыктары корголгон. Жыйынтыгында лицензия берилип, бирок кен иштетилбей калган.

«Колго берилген лицензиялардын саны жылдан жылга арбыды. Бул тармакта лицензия менен кызыл кулактык кылуу күчөдү. Коррупциялык жылчык тапкандар лицензияга ээ болуп жатышат жана аларды колдон колго өткөрүп сатып жатышат. Ушул себептүү 2018-жылы лицензия берүүнү тыкыр иликтеп жана инвентаризация кылуу тапшырылды. Бирок лицензия берүүнү токтотуу бизге кырдаалды жакшыртып бере алган жок. Алар үчүн кенди иштетүүгө карганда лицензияны токтото туруу жеңил болуп жатат», - деди Жээнбеков.

Мамлекет башчы ушинтип коррупциялык жол менен лицензияларды берүү биздин өлкөгө келе турган инвестициянын жолун бууп жаткандыгын жана тоо кен өнөр жайынын өнүгүшүнө тоскоол болуп жаткандыгын айтты. Тийешелүү мыйзамдарга тийешелүү түзөтүүлөрдү киргизип тоо кен тармагында ачык жан акыйкат атаандаштыкты камсыздап инвесторлорго жакшы климат түзүп беришибиз керек. Президент кен байлыктарды иштетүү маселесин караган Мамлекеттик комитеттин ишине коррупция терең тамыр алып алган фактысын белгиледи. Ал айтканда, 2009-2018-жылдардын аралыгында бул мамлекеттик органдын беш төрагасына кылмыш иштери козголгон. Акыркы 8 жылдын ичинде мамлекеттик комитеттин кызматадамдарына 100 клмыш иши козголгон. Алар көпчүлүгү коррупцияга малынып, эл байлыгын жегендер. Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков компанияларды эл аралык стандартка ылайык аккредиттештирүүнү текшерүү керектигине көңүл бөлүүнү белгилеп кетти.

«Айталык, баалуу металдын курамын текшерүүгө үлгүнү бир компания алса, текшерген компания башка. Жыйынтыгында эки анжы болуп, жоопкерчилик жана тактык жоголот. Ошондуктан өкмөт тийешелүү чечим кабыл алышы керек жана мындай абалды оңдошу керек», - деп баса белгиледи президент.

Ал кээ бир өлкөлөрдө тоо кен иштетүү тармагынын салыктары 15% баштап 50% чейин. Кыргызстанда болсо салык орто эсеп менен 8-10 гана пайыз.

«Албетте, мындай абалдан чыгуу керек», - деди мамлекет башчы.

Ал биздин мамлекеттин экономикасына чындап салым кошом деген инвесторлорго болгон бут тосуулардын бар экендигин белгиледи. Кээ бир учурларда жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү али ишин баштай элек чет элдик компаниялардан пайда үмүт этишет.

«Ага Макмал кенин айланасындагы окуя далил боло алат. Жыйынтыгында карапайым калк жабыр тартат да, провакаторлор суудан кургак чыгышып, жоопкерчиликке тартылбай калышат. Мындай кырдаалдын пайда болушунун себептери - аткаруу бийлиги, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары жеткиликтүү түрдө эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн эмес», - деди Сооронбай Жээнбеков.

Ал белгилеп кеткендей, укук коргоо органдарында кемчиликтер бар. Алар провакаторлорго тийиштүү деңгээлде каршы чара көрүшкөн эмес. Мындай окуялардын алдын алуу, эскертүү иштери ыкчам жүрүшү керек, кырдаал көзөмөлдөн чыкпашы керек. Антпесе эл менен бийликтин органдарынын ортосунда тирешүү күчөп, анын айынан инвесторлор кетип калышат.
Башпрокуратура мындай кырдаал пайда болгон учурда адилеттүү жана тыкыр иликтеши керек.

Мамлекет башчы сот процесстерине да токтоло кетти.

Кен байлыктарды иштетүүгө байланышкан сот процесстери көптөгөн карама каршылыктар жана суроолор менен коштолуп жаткандыгын белгиледи. Кээ бур учурларда бирдей эле факт боюнча доогерлердин талаптарын кароодо карама каршы чечимдер чыгып калган болот. Мындай фактылар сот өндүрүшүндөгү мыйзамдагы бирдиктүү интерпретациянын жана укуктарды колдонуудагы тажрыйбанын жоктугун айгинелейт.

«Мен соттор укук колдонуунун проктикасын изилдеп чыгуусу жана туура түшүндүрмө берүүсү керек деп эсептейм. Бүгүн биз кен байлыктарды иштетүү тармагындагы көйгөйдү чечүүнүн жолун табышыбыз керек», - деди Жээнбеков.

Президенттин аппаратынын саясий маалымат бөлүмү
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх