Жогорку Кеңештин вице-спикеринин катачылыгы жыйынды токтотуп, депутаттардын ортосунда чыр чыгарды
Кесиптештери Аида Касымалиевага мыйзамды көңүл коюп окуңуз деп кеңеш беришти
Жогорку Кеңеш Коомдук телерадиокорпорациясынын байкоочу Кеңешинин жаңы курамын бекитүү тууралуу токтомдун долбоорун карады.
Добуш берүү парламенттин вице-спикери Аида Касымалиеванын катачылыгынын айынан жаңжалга айланды.
Тактап айтканда, жыйындын жүрүшүндө Касымалиева КТРК байкоочу Кенңешинин курамына 5 адам каралып жатат деп билдирди, бирок добуш берүүдө 4 адамдын атын айткан эле.
Бул факт депутаттардын арасында ишенбөөчүлүктү пайда кылды. Эл өкүлү Садык Шернияз Аида Касымалиеваны катачылыгы үчүн сындап, кайрадан добуш берүүнү сунуштады.
- Бешинчи адам залда жок дедиңиз, чамасы ооруп калган окшойт, - деди депутат. - Бул ага добуш берилбейт дегенди билдирбейт. Чынара Капарова баары бир өтөт. Бирок тиги киши бизди сотко бериши мүмкүн.
Андан сырткары, дагы бир вице-спикер Мирлан Бакиров Аида Касымалиеванын Чынара Капарова жеңди деген жарыясы туура эмес деп билдирди.
- Регламентке ылайык биз дагы бир добуш берүү кылышыбыз керек эле, башкача айтканда экинчи тур, - деп түшүндүрдү ал. - Көп добуш алган эки талапкер үчүн дагы башынан добуш беришибиз керек эле.
Адегенде добуш бериле турган талапкерлердин катарында Маркабай Ааматов, Чынара Капарова, Атыргүл Сарыбаева, Мирбек Мурзабеков бар эле.
Капарова эң көп добуш топтоду. Аны 79 эл өкүлү колдоду.
Депутат Мирлан Жээнчороев вице-спикер мыйзамды окуп чыгышы керек деп билдирди.
- Тыныгуу жарыялагыла, мыйзамды шашпай окуп чыккыла, - деп кайрылды ал Касымалиевага. - Бул талапкерлер чоң кызматка кетип жатышат. Алардын докладдарын угууну сунуш кылам. Андан сырткары, катачылык шашкандан улам болду. Тыныгуу жарыялап, юристтер менен кеңешкиле. Силерге жардам бере турган тажрыйбалуу депутаттар бар.
Депутаттар көпкө кый-чый болуп атышып биринчи добуш берүүнү жокко чыгарууну чечишти жана тамактанып алып туруп кайра добуш бермек болушту.
Зулайка Эркимбаев
Сүрөт www