Сотко кереги жок талапкерлерди иргеп салып, «тандалмаларды» кантип өткөрүшөт?
Юрист адилеттүүлүктүн Жогорку мектебине өтүү капкачан эле «коррупциялык акурга» айланганын айтат. Конституциялык палата бул маселени карайт
Соттукка талапкерди Жогорку адилет мектебине окутуу милдеттүүлүгүн Кыргызстандын Конституциясына туура келбейт деп таануу зарылдыгын талап кылат Максатбек Жоробеков..
Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы стратегияны көзөмөлдөө боюнча коопсуздук Кеңешинин алдындагы жумушчу топтун мүчөсү, эмгек сиңирген юрист, профессор Кайрат Осмоналиев айтып берди.
Бул зарылчылык Кыргыз Республикасынын «Соттордун макамы тууралуу» конституциялык мыйзамында бар. Сот болууга талапкерлерге карата мындай талаптын мыйзамдуулугун 2019-жылдын үчтүн айынын отуз биринде Кыргыз Республикасынын Конституциялык палатасы карайт.
Кайрат Осмоналиев Жогорку адилет мектебине өтүү мүмкүнчүлүгү жылына 40 гана адамга ылайыкташкан, бирок өтүүнү каалагандар 3-4 миң киши экендигин айтат. Ошентсе да талапкерлер иштен калып, айлыгы кыскарып окуп жатышат.
«Ал эми өтүүнүн өзү болсо коррупциялык акурга айланган, - дейт ал. - Жапайы конкурста тандалмалар өтөт, албетте алардын КР Жогорку сотунда тааныштары бар. Былтыр тогуздун айында factcheck.kg анализи ЖАМ угуучулары - соттор менен прокурорлордун туугандары экендигин көрсөттү».
Бул тууралуу «Адилет» укуктук клиникасынын директору Чолпон Жакупова билдирди:
«Биз ЖАМ угуучулары чиновниктердин жана прокурорлордун туугандары деген ушакты анализдеп көрдүк, Биздин анализ ал сөздү ырастады», - дейт ал.
Осмоналиевдин маалымат булактары боюнча, мындай кепилдиги бар орун ээлөө 5 миң АКШ доллары турат экен.
Сот болууга талапкерлерди сөзсүз түрдө окутуу зарылчылыгын эки жыл мурун европалык эксперттердин сунушу менен киргизишкен. Бул жаңы киргизилген эрежени бетине кармап алып, мыйзамдын ээлери сот системасында жаңы коррупциялык зона түзүп алышкандыгын юрист көрсөтүп берди. Профессор Германияда сотторду юридикалык жогорку окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнүн арасынан эч кандай кошумча талабы жок кабыл алышаарын баса белгилеп кетти. Испанияда болсо сот системасындагы тууганчылыктын жана түркөйлүктүн алдын алуу максатында соттукка ортоңку звенодон жогорку он жылдан кем эмес иштген профессорлорду дайындашат. Кыргызстанда болсо мындай практиканы көшөрүп эле киргизишпейт деп таң калат Осмоналиев.
«Кыргыз республикасынын Конституциясына ылайык, эч ким билим берүү критерийлерине, мүлкүнө, ар кандай себептерге боюнча басмырлай албайт, - деп эскертти ал. - Ал эми ЖАМ сөзсүз түрдө окуу талабы жарандарды басмырлоонун айкын мисалы болуп жатат. Сотторго болгон талап Конституцияда жазылган - жашы, жарандыгы, эмгек тажрыйбасы жана жогорку юридикалык билими. Болгону ошол. Конституцияда дагы кошумча талаптар тууралуу жазылган эмес. Бирок алар ЖАМ сертификаты болбосо документтерди сотторду тандоо Кеңешине кабыл алышпайт».
Бул талаптар «Соттордун макмы тууралуу» мыйзамда жазылган. Ошондуктан аны конституциялык эмес деп атап, алып салууну талап кылат.
Андан сырткары, доогер Максатбек Жоробеков мыйзамда мүлктүк абалына карап басмырлоо бар деп айтат.
«Аймактардан келген жарандардын сот болуу укугу чектелген, анткени ЖАМ борбордо турат. Ал эми келип окууга, жашоого талапкерлер каражатты өз жандарынан коротушат, - деп түшүндүрдү Кайрат Осмоналиев. - Андан да алар окуган убакта алардын айлыктары сакталбайт. жыйынтыгында көптөрү конкурска катышуу үчүн өздөрүнүн конституциялык укуктарын колдоно алышпайт. Ошентип, бул жерде биздин жарандарды мүлктүк жактан басмырлоо болуп жатат».
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи эртең ушул доо боюнча өтө турган жыйында Конституциялык палата «жарандардын укугун коргоо жана саясий жактан жетилүү» боюнча экзамен бериш керек деп билдирет.
«Эгерде арыз канааттандырылбаса, демек, коррупциялык кызыкчылык жеңди деп эсептегиле», - дейт ал.
Ольга Федорчук
сүрөт www