Опера жана балет театрынын жаңжалдуу мүдүрү эмгек жамааты менен коштошту
«Менин ордум кимге керек болду экен. Албетте, даяр нерсеге отуруп калуу оңой да»
Кыргыз Улуттук Абдылас Малдыбаев атындагы академиялык опера жана балет театрынын мүдүрү Болотбек Осмонов отставкага кетти. Бул туурасында Vesti.kg сайтына өздүк маалыматтар билдирди.
Осмонов театрдын артисттерин топтоп чогулуш өткөрүп, аны жумуштан арыз жазып кет, деп мажбурлашкандарын билдирген.
«Менин ордум кимдир бирөөгө керек болуп калыптыр. Албетте, баары даяр болгон жерге келип отуруп калуу оңой да», - деп жазат мүдүрдүн сөзүн булактар.
Бул маалыматты маданий мекеменин өзүндөгүлөр тастыкташты. Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын адабий-драматикалык жаатынын жетекчиси Елена Мягкова кечээ сатт 11:30 Болотбек Осмонов артисттер менен коштошуп кетти деп айтты.
- Мен анын арыз жазганын же жазбагшанын билбейм, бирок ал кечээ бизге кирип коштошуп чыгып кетти, - деди ал. - Кесиптештерине ыраазычылык билдирип чыгып кетти.
Ал ортодо театрдын кызматкерлеринин бир тобу Осмоновго каршы чыгышты, көркөм кеңештин чечими менен макулдашпай туруп компьютердик оюндардын мелдешин өткөргөндүгөн туура эмес дешти.
Жамааттын айрым бир өкүлдөрү буга окшогон иш чаралар залдын акустикасын бузат, сахнанын атайын каптоосу театрды жаман көрсөтүп коёт дешти. Директор болсо «Dota-2» шахмат сыяктуу эле интеллектуалдык оюн деп жооп берди аларга.
Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов болсо комментарий үчүн жеткиликсиз болуп жатат.
Зулайка Эркимбаева
Толкун Сагынова
Сүрөт www