Акрам Мадумаров Баткен облусунун жаңы башчысы болуп калды
Мурда ал Мамлекеттик кадр кызматын башкарчу
Баткен облусунун жаңы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Акрам Мадумаров шайланды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына облустук администрациядагы булактар билдирди.
Акрам Камбаралиевичтин Баткен облусунун тургуну экендиги белгилүү.
Бул аймакка башчы болуп дайындалгандан мурун Мадумаров Мамлекеттик кадр кызматын жетектеген.
Эске салсак, бүгүн Баткен облусунун башчысы Абиш Халмурзаевдин өз арызы менен кызматтан кеткендиги белгилүү болгон.
Мурда Жогорку Кеңештин депутаттары Vesti.kg сайтына Баткендин чегарага жакын айылдарынын тургундары облустун жетекчилигин алмаштырууну талап кылышкандарын айтышкан болчу.
Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз