Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутаттар, Курманбек Бакиев тууралу фильм тарткандарды жоопкерчиликке тартуу керек дешет 

УКМК: Фильмдин авторлору өздөрүнүн аракеттерин жана анын аягы кандай болору тууралу толук түшүнүшпөй жатышат...

Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин 70 жашка толгондугуна арналган фильмди, жакында ата-мекендик телеканалдардын биринде көргөзүштү. 

Фильмде качкын президенттин өзүнөн алынган интервью, ошондой эле, мурдагы мамлекет башчысынын үй-бүлөсү тууралу эски достору - классташтарынын эскерүүлөрү камтылган.

Фильмдин көрсөтүлүшү кыргызстандыктардын нараазычылыгын жаратты. NewTV телеканалынын дарегине бир канча сын- пикирлер айтылды. 

Жогорку Кеңештин депутаттары Vesti.kg сайтында бул тууралу өз пикирлери менен бөлүштү. 

Мисалга, Дастан Бекешев Бакиев жөнүндө тартылган фильм - Кыргызстандагы азыркы бийликтин колу менен жасалган деген социалдык түйүндөрдөгү пикирлерге макул эмес. 

- Мен NewTV жана  NurTVнын ээлерин бир аз билемин, жана алардын башы бир аз айланып калгандай сезилип жатат, -деп айтты эл өкүлү Vesti.kg сайтына. - Эгерде алар президент Сооронбай Жээнбеков  Курманбек Бакиевди колдойт жана анын кайтып келишин каалайт дешсе, анда алар жаңылышат. Мен муну так билемин. Жээнбековдордун үй-бүлөсүнүн бардыгы - Бакиевдердин эң душман адамдары, керек болсо аларга каршы күрөшкөндөр. Мен билемин, алар эч качан Бакиевдерди акташпайт.

Башка эл өкүлү Мирлан Жээнчороев телеканалдын жетекчилигин жоопкерчиликке тартуу керек деп эсептейт. 

- Бул адамдардын өлүмү менен коштолгон режимди жетектеген адамды актоо, - деп  Vesti.kg сайтына ал өз пикири менен бөлүштү. - Ушундай түрдөгү репортаждар, телевидениеден сериялык адам өлтүргүчтү мактоо менен барабар. Соттун чечими бар, ал жерде тынч жарандардын атылгандыгына, бийликти узурпациялоого, паракорчулукка күнөөлүү деп табылган. Мындай кылмышкерди биздин телеканалдар аркылуу жакшы адам деп көрсөтүү туура эмес. 

Менин оюмча, телекомпаниянын ээлери өздүк жана көркөм менеджментти кайрадан карап чыгышы зарыл. Авторлорго коомдук жаза берүү жана мыйзам ченеминдеги чара көрүү бар болсо, прокуратура так ушул нерселерге көңүл бурушу абзел. 

Мирлан Канатбекович өз тарапташтары менен NewTV телеканалынын алдында пикет уюштуруга даяр экендигин кошумчалады.

- Бакиевдин режими  кандуу жана кылмыштуу, жана аны кимдер акташса, алар өздөрү да ошондой абалдагылар, - деп билдирди парламентарий. - Биз, же болбосо, коомчулук, каналды сотко берүү менен, алар Кыргызстандан чыгарып кеткен активдерди кайтарылышын талап кылышыбыз керек. 

Менин оюмча, бүгүнкү күндө бийликти башкарып жаткан адамдар, бакиевдин режиминин кылмыштуулугун өтө жакшы түшүнүшсө керек. Жана кээ бир жеке менчик телеканалдардын редакциялык саясаты бийликтин расмий көз карашын чагылдырбашы керек.

Ушундай чагылдыруулар коомдогу абалды туруксуздукка кептеп, өлкөдөгү саясий абалды  курчутууга алып келиши мүмкүн. Биз өздөрүнүн жеке жетекчисин актаганга аракет көргөн Бакиевдин тарапташтарын көрүп жүрөбүз. Бирок, мен кимдер аны күнөөлөп жана жек көрсө, ошолордун катарындамын. 

Резонанстуу документалдык фильмдин авторлорун жоопкерчиликке тартуу тууралу Жогорку Кеңештин депутаты Анвар Артыков да билдирди. 

-  Бакиевдин башкаруу мезгили кандуу террор мезгилине жакындагандай болду, - деп өзгөчө баса деп белгиледи ал Vesti.kg сайты менен болгон аңгемелешүүдө. - Алар өтө көп белгилүү адамдарды, саясатчыларды өлтүрүштү. Алардын бири - Медет Садыркулов. Ошондо эле бардыгы, бул жол транспорт кырсыгы эмес, адам өлтүрүү экендигин түшүнүшкөн. Бул окуя алардын портретине жоон тамгалар менен жазылган. Ал эми Бакиев кетер алдында ошончолук кан төктү, а Ош окуяларычы?

70 жылдыкты белгилөө жана ал тууралу фильм тартуу, анын кандай акылман, кандай акылдуу, уулун Манаска теңөө - мунун бардыгы кыргыз элинин бетине карай түкүрүк. Каза тапкан жарандарга карата сыйлабагандык. Муну коомду бөлүп-жара турган өзгөчө акмак адам же душман гана жасайт. Авторлор жок дегенде моралдык жоопкерчилик тартышы керек. 

Белгилеп кетүү керек, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен да телевизиондук фильм тууралу  пикирлерин билдиришти. 

«Фильмдин авторлору өздөрүнүн аракеттерин жана анын аягы кандай болору тууралу толук түшүнүшпөй жатышат, - деп айтылат маалымат катчылыгынын расмий билдирүүсүндө. - Ушуларга байланыштуу УКМК жарыялангандардын жана телевизиондук материалдардын авторлоруна коомубуздагы туруксуздукка алып келе турган аракеттерди болтурбоо тууралу эскертүү берүү укугун өздөрүндө калтырат».

КР Башкы прокуратурасы Курманбек Бакиевге жана анын туугандарына карата кылмыш ишин козгоп, соттор аларга 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялар боюнча жана оор, өтө оор кылмыштарды жасагандыгы тууралу көптөгөн фактылар боюнча айып таккан: адам өлтүрүүлөр, паракорчулук жана бирөөнүн мүлкүн рейдерлик максат менен ээлеп алуулар. 

«Учурда бардык айыпталуучулар издөөдө болуп саналышат», - деп баса белгилешти КР УКМКсынан. 

Зулайка Эркимбаева

Фото www   





Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх