Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Апрель революциясынын баатыры NewTV жана NurTV телеканалдарын жабууну талап кылат 

Расул Умбеталиев УКМК тарабынан эскертүү берүү менен чектелгени жетишсиз экендигин билдирди

Апрель  революциясынын катышуучулары, кыргызстандын мурдагы качкын президенти Курманбек Бакиев тууралу документалдуу фильмди көрсөтүшкөн  NewTV жана NurTV телеканалдарынын жетекчилерине карата чара көрүүнү талап кылышат. 

«Айкөл Таза коом» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү УКМКга арыз жазууга ниеттенишүүдө. Эгер алар буга көңүл бөлүшпөсө, анда алар митингге чыгышат. Бул тууралу алар бүгүнкү Бишкектеги пресс-конференцияда билдиришти. 

Апрель революциясынын баатыры, аянтта каза болгон 17 жаштагы Нурсултан  Табалдиевдин агасы Расул Умбеталиев бул демилгени колдоду. Ал Vesti.kg сайтына каршылык акциясына катышууга даяр экендигин айтты.

- Мен ошол окуялардын катышуучусу жана Кыргыз Республикасынын жараны катары адам өлтүргүчтү телеканалдар аркылуу жарнама кылууга болбойт деп эсептеймин, - деп белгиледи ал. - Мен апрель революциясынын башка баатырларын жана ошол убакта туугандарын жоготкондорду колдоймун. Бизди УКМКнын жөн эле эскертип койгону канаатандырбайт, балдарды өлтүргүчтөрдү пропгандалаган каналдарды жабуу керек. Курманбек Бакиев өз элине ок аткан. Эгер укук коргоо органдары чара көрүшпөсө, анда мен дагы митингге катышамын. 

Эске салсак, мурдараак өлкөбүздүн  NewTV жана NurTV телеканалдары Курманбек бакиевдин 70 жылдыгына арналган фильмди эфирге чыгарышкан. 

Фильмдин сюжетине качкын президенттин өзү менен болгон интервью, жана ошондой эле анын эски достору жана классташтарынын мамлекеттин мурдагы башчысынын үй-бүлөсү тууралу эскерүүлөрү киргизилген. 

Зулайка Эркимбаева

Фото www 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх