Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Текебаевдин аялы: Өмүрбек, бүгүн мен сага чексиз бактылуумун деп айткым келет!!! 

Камактагы саясатчынын аялы аны менен бирге жашагандыгынын күнү менен куттуктап, жана алардын үйлөнүү тою өтө жупуну өткөндүгүн белгиледи 

Айгүл Текебаева жолдошун алардын үйлөнүү тоюнун 25чи жылы менен куттуктады. Бул тууралу ал Facebook социалдык түйүнүндөгү өзүнүн баракчасында жазды. 

«Туптуура 25 жыл мурда 1995-жылы 18-августа биз Өмүрбек менен үй-бүлө күткөнбүз. Биздин үйлөнүү үлпөтүбүз тездик менен, иштиктүү жана өтө жупуну өткөн…

Өмүрдүн төрттөн бир бөлүгү-мунун бардыгы ошол эле учурда көп дагы, аз да. Жашоонун баары алдыда, бирок, баары бир белгилүү ченемде ностальгия менен эске түшчү нерселер бар. Жылдар өткөн сайын акыл, күч топтоп, сабырдуулукка көнөт экенсиң - так ушул сапаттар турмушуңду сапаттуу - жаңы деңгээлге көтөрүп, жашоонун нукура баалуулуктары көз алдыңа тартылат. Бүгүн жашооңдун эң негизгиси - бул жакындарыңдын сени жылуу сезимдерге бөлөп курчаганы менен алардын сага болгон сүйүүсү эң таттуу экендигин түшүнгөнүң.  

Өмүрбек, бүгүн менин сага айтарым, МЕН ЧЕКСИЗ БАКТЫЛУУМУН!!! 18.08.19», - деп жазган Айгүл Текебаева. 

(автордун орфографиясы менен пунктуациясы сакталган, - ред. эск.).

Фото www 



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх