Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Азиз Батукаевдин иши. Дагы бир фигурант тергөө менен кызматташууну чечти 

Али Касымовдун тилинин ийкемдүүлүгү анын камактан бошотулушуна жардам бериши мүмкүн

Азиз Батукаевдин эркиндигинен мыйзамсыз бошотулгандыгы фактысы боюнча  сотко чейинки иликтөөлөр улантылууда

Али Касымов кызыкдар адамдардан акча каражаттарын алып жана аны Батукаевдин мыйзамсыз бошотуу боюнча кызматтагы адамдарга ортомчу катары берип тургандыгы аныкталды. 

Ал убакта, Касымов Батукаевдердин үй-бүлөсүн коргоону кесиптик жактоочу катары аткарган эмес.  

2019-жылдын 31-июль күнү Али Касымов КР ККнин 1-бөлүгүнүн 319-беренесине ылайык, кылмышка шектүү катары кармалган.

2019-жылдын 2-августунда КР ККнин 2-бөлүгүнүн 319-беренеси жана 4-бөлүгүнүн 43-беренелеринде каралган кылмышка баргандыгы тууралу ага билдирүү тапшырылган жана Биринчи Май райондук соту тарабынан камакка алуу жөнүндө чечим чыгарылган. Шектүү Касымов өзүнүн жактоочусу менен 2019-жылдын 16-августунда  процессуалдык кызматташууга баруу тууралу арыз менен кайрылышкан. 

ИИМдин тергөө кызматы тарабынан ага карата баш коргоо чарасын өзгөртүү маселеси каралууда.

ИИМдин маалымат кызматы 

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх