Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Журналисттердин камерасын Райымбек Матраимовдун бир тууганынын баласы тартып алганы белгилүү болду

Видеого тартып жатышкан үй Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басарынын апасына таандык экени белгилүү болду

«Азаттыктын» журналисттери видеого тартышкан үй МБКнын төрагасынын мурдагы орун басарынын апасына катталган. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына укук коргоо органдарындагы өздүк булактар маалымдады.

- Супаналиев көчөсүндөгү үйдө Матраимовдун жакын туугандары жашайт, Райым өзү ал жерде чанда гана көрүнөт, дешти Vesti.kg сайтына. - Азыр милицияда 28-сентябрда орун алган окуя боюнча үч арыз каралып жатат. Биринчиси - видеокамера жана дронун тартып алып, профессионалдык ишмердүүлүккө тоскоолдук кылуу боюнча журналисттен түшкөн. Экинчиси - үйүнүн аймагында белгисиз адамдар тартуу жүргүзүп жатканына байланыштуу, башкача айтканда жеке жашоого кийлигишүү боюнча Матраимовдун бир тууганынын баласынан түшкөн. Үчүнчү арыз менен башына дрон кулап түшкөн бакчы кайрылган.

Маалыматка ылайык, «Азатттыктын» кабарчысынан видеокамераны Райымбек Матраимовдун бир тууганынын баласы тартып алган.
- Азыркы учурда «Азаттыктын» операторуна кол салууга шектүүлөр аныкталды, - деп тактады өздүк булак. - Алардын бардыгы көрсөтмө беришүүдө. Матраимовддун туугандарынын бири журналисттин камерасын милицияга өткөрүп берүү үчүн тартып алганын айткан.

Эске салсак, 28-сентябрда Ош шаарында белгисиз адамдар «Азаттыктын» журналисттеринин техникасын тартып алганы белгилүү болгон.

Басылманын операторунун айтымында төрт белгисиз адам күч колдонуп, анын видеокамера, штатив жана дронун тартып алышып, Lexus 330 автоунаасы менен кетип калышкан.


Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх