Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Айып пул салынган айдоочулар алардын төмөндөшүнөн кийин кантип төлөшөт - депутаттар түшүнбөй жатышат

ИИМнин башчысынын орун басары: «Мыйзамдын өзгөрүшүнө чейин «бакыт каттарын» алгандар мурдагы өлчөм менен айып пулдарды төлөшөт» деди

Жогорку Кеңеште эгерде жол эрежелерин бузгандыгы боюнча айып пулдардын өлчөмүн азайтуу боюнча мыйзам кабыл алына турган болсо, айдоочулар буга чейин салынган айып пулдарды кантип төлөшөрүн түшүнбөй жатышат.

Депутат Алмамбет Шыкмаматов: «Демек буга чейин айып пул алган айдоочулар арыздана алат экен да?» деп ИИМнин башчысынын орун басары Памирбек Асановдон сурады

Асанов: «Мыйзамдын өзгөрүшүнө чейин «бакыт каттарын» алгандар мурдагы өлчөм менен айып пулдарды төлөшөт» деп жооп кайтарды.

- Биз бул маселени дагы талкуулайбыз, - деди ички иштер министринин орун басары.

Муну менен бирге парламент мүчөсү Бакирдин Субанбеков айып пулдарды кыскартуу керек, бирок, Кыргызстанда убактылуу номурлар менен автоунаалар бар жана аларды убактылуу каттоого тургузуу керектигин айтты.

Тактай кетсек, парламентте жол эрежелерин бузгандыгы боюнча айып пулдарды кыскартуу маселеси каралып баштады.

Вероника Малышева
Фото www

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх