Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сеидбек Атамбаев Башкы прокуратураны сотко берди

Мурдагы президенттин уулу башкы көзөмөл орган анын компаниясынын аброюн түшүргөнүн айтууда

«Автомаш-Энерго» ЖЧКнун директору Сеидбек Атамбаев компаниясынын ар-намысын жана ишкерлик беделин коргоо боюнча Башкы прокуратураны сотко берди. Бул тууралуу социалдык тармактарда КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Темирлан Султанбеков билдирди.

Ал буга Башкы прокуратуранын пресс-релизи себеп болгонун түшүндүрдү.

«Ар бир сүйлөмү калптан турган, мазактаган, куруу жалага толо дил баянга окшошуп калыптыр»,- деп жазган Султанбеков.

Эске салсак, 1-ноябрда башкы көзөмөл органы Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2019-жылдын 23-августундагы токтому менен «Автомаш-Энерго» ЖЧКнун мүлкү камакка алынып, салык текшерүүлөр дайындалганын маалымдаган. Мекеме 2015-жылдан ушул күнгө чейин аталган фирманын ишмердүүлүгү боюнча салык текшерүү бир дагы жолу жүргүзүлбөгөнүн билдирген.
Муну менен бирге «Автомаш-Энерго» ЖЧКнун жетекчилиги ар кандай ойдон чыгарылган шылтолор менен салык органдарына керектүү документтерди көрсөтүүдөн таптакыр баш тартып, алардын мыйзамдуу ишмердүүлүгүнө жолтоо болуп келген.
Буга байланыштуу, салык түзүмдөрүнүн талаптары боюнча, соттун токтомунун негизинде 2019-жылдын 31-октябрында тергөө тобунун тергөөчүлөрү тарабынан документтерди алып, аларды салык органдарына өткөрүп берүү үчүн мыйзамдуу иш-чаралар ишке ашырылган.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх