Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Батукаевдин мыйзамсыз бошотулуш боюнча биринчи соттук жыйын болбой калды

Чуулуу иш боюнча жараян айыпталуучулардын бири операцияга даярданып жатканынан улам башка күнгө жылдырылды

Криминалдык төбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча биринчи соттук жараян айыпталуучулардын бири - Абдухалим Раимжановдун оорусуна байланыштуу жылдырылды.
Жактоочулардын айтымында ал учурда ооруканада жатат.

⁃ Жакынкы күндөрү анын омурткасына операция жасалат, - деп такташты жактоочулар.
Белгилей кетсек, Улуттук гематология борборунун мурдагы директору Абдухалим Раимжанов мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча 19 айыпталуучунун бири катары өтүүдө. Айыптоочу тараптын версиясы боюнча дарыгер Батукаевдин канынын анализдери алмаштырылганын билип туруп, лаборантка Цоповага мыйзамдагы ууруну ак кан илдети менен жабыркайт деп жазууга көрсөтмө берген жана бул аны абактан мыйзамсыз чыгууга негиз болгон.

Белгилей кетсек, бүгүнкү сотко мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева дагы келген.

Гулиза Чудубаева
фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх