Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дастан Бекешев: Улуттук китепкананын директору 9 миң сом айлык алат

Депутат өкмөттөн мамлекеттин башкы китепканасына көңүл бурууну суранды

Кыргызстандын Улуттук китепканасында сейрек китептерди сактоо үчүн атайын жабдыктар жок. Бул тууралуу парламенттин жыйынында депутат Дастан Бекешев айтып чыкты.

Парламент мүчөсү ошондой эле мамлекеттин башкы китепканасынын эмгек акылары 5-9 миңди түзөөрүн белгиледи.

- 2019-жылы Сооронбай Жээнбековдун демилгеси менен акыры мадания объектилерди оңдоп-түзөө иштери башталды, - деди Бекешев. - Бул абдан жакшы. Өкмөт бул иштерди улантышы керек. Бизде дагы бир маданий кенч бар - бул Улуттук китепкана. Ал жерде уникалдуу, сейрек китептер сакталат. Бирок, мунун бардыгы жылаңач энтузиазмда кармалып турат. Мекемеде чаң соргуч дагы жок. Директор айына 9 миң сом, китепканачылар 5 миң сом алышат экен, 40 жылдап эмгектенгендер азыркы күнгө чейин жатаканаларда жашашат.

Ал китепканада санариптештирүү жүргүзүү керектигин кошумчалады.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх