Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

БШКнын экс-башчысы: Борбордук шайлоо комитети менен Каттоо кызматын шайлоочулардын тизмесин мөөнөтүндө жарыялашпаганы үчүн сотко берсе болот

 Акылбек Сариев шайлоо алдында шаарларда жапырт каттоого алынып жаткан жарандар боюнча өз пикирин билдирди

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтө турган Кыргызстандын шаарларында жарандар массалык түрдө каттоого алынууда. Бул тууралуу депутат Кенжебек Бокоев бүгүн Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында билдирди

Ал ортодо БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова Фейсбук социалдык тармагында Ош, Токмок жана Каракол шаарларында 2020-жылдын биринчи айында канча жаран каттоого турганы боюнча расмий маалымат жарыялап, салыштырма катары 2019-жылкы статистиканы келтирген.

«Статистика кооптонтпой койбойт. МКНын маалыматына ылайык, 2019-жылы Ошто 36035, Токмокто - 9220, Караколдо - 5000 адам каттоого турган. Ал эми, 2020-жылдын 1-январынан 11-февралга чейин ошол эле Ошто - 33805, Токмокто - 6950, Караколдо - 2798 жаран каттоого туруптур», - деп жазган ал.

Жапырт каттоолор келе жаткан шайлоого байланыштуу экени азырынча божомолдор гана. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына Борбордук шайлоо комитетинин экс-башчысы Акылбек Сариев бөлүштү.

Анын айтымында бүгүнкү күндө шайлоочулардын алдын ала тизмеси дале жок жана бул мыйзам бузуу болуп саналат.

- Бул шаарларда каттоого турган жарандардын саны көбөйгөнүн расмий маалыматтар, башкача айтканда МКК ырастап жатат, - деп белгиледи Сариев. - Мунун шайлоого тиешеси барбы? Азырынча бул божомолдор гана. Негизи, 2020-жылдын 12-февралына чейин мыйзам боюнча мамлекеттик порталда шайлоочулардын алдын ала тизмеси жарыяланышы керек эле. Тизме жок. Буга БШК жана Мамкаттоо жооптуу.

Акылбек Аблабекович алдын ала тизме эмне себептен дале даяр эмес - белгисиз. Буга байланыштуу, ал шайлоочулар же саясий партиялар сотко кайрылса болот деген пикирде.

- Бүгүн тегерек үстөлдө маморгандар тизме эмне себептен жок жооп бере алышпады. - Бул факт тийиштүү мекемелердин өз милдеттерин керектүү деңгээлде аткарбай жатышканан кабар берет. Анткени, жергиликтүү кеңештерге шайлоо 12-апрелде өтөрүн жарым жыл мурда эле баары билчү да. Алар даярдык көрүшү керек болчу, шайлоочулардын жалпы тизмеси жарыяланмайын тигил же бул шаарда шайлоочулардын саны канчага көбөйгөнүн эч ким айта албайт. Мындай абалда кызыкдар тараптар маморгандарды сотко берүүгө укуктуу.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх