Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Баткен облусунун башчысы: Менин карындашымдын күйөөсү Илмияновдун алыс тууганы экенин билем

Муну менен бирге өкмөттүн аймактагы жаңы ыйгарым укуктуу өкүлү бир айылда жашаган кыргыздар негизи баары эле бири-бирине тууган болуп чыга келишерин белгиледи

Өкмөттүн Баткен облусундагы жаңы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов карындашы Алмазбек Атамбаевдин экс-кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун алыс туугандарына турмушка чыкканын билет. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына аймак башчысынын басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова билдирди.

- Бул кызматка дайындалуу ал үчүн күтүүсүз болду, - деп белгиледи ал. Баткен облусунун негизги коөйгөйү бул чек ара.Буюрса мына ушул чек араны делимитациялоо жумуштары боюнча иштеген мекеме аралык комиссиянын жумуштарынын алга жылуусуна көмөктөшөбүз. Ал учун биз, жергиликтүү бийлик чек аралаш аймакта жашаган эл менен ар дайым тыгыз байланышта болуп, аймактагы туруктуулукту,коопсуздукту камсыздоонун үстүндө иштейбиз. Ошондой эле чек аралаш аймактын инфраструктурасын чыңдоо менен элдин жашоо шартын жакшыртуу аракеттерин көрөбүз.Негизи эле Баткен облусун бардык аймактарында жол, суу, жумушсуздук маселелери бар. Алдыда ушул маселелери жеңилдетүүнүн үстүндө иштейбиз.

Муну менен бирге басма сөз катчы Алишер Абдрахмановдун Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмиянов менен туугандык байланышы бар» деген сөздөр боюнча облус башчысынын өзүнүн дагы жообун бизге айтып берди.

-Карындашым Лейлек районунун Катран айылына мындан 20жылдай мурун турмушкка чыккан. Негизи кыргыздар бир айылда баары эле бир бирине тууган чыгышат. Карындашымдын кайын журтуна Катран айылындагы Илмияновдор, алыс тууган экенин билем.

Эске салсак, кечээ премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин жарлыгы менен Алишер Абдрахманов өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.

Жарандык активист жана Баткен облусунун жашоочусу Роза Маманованын айтымында аймактын башчылыгына кесипкөйсүз адамды дайындашкан. Ал Абдрахмановдун бир тууган карындашы - Чынара Абдрахманова Икрамжан Илмияновдун бир туугандарынын биринин жубайы экенин, ошондо Баткен облусунун жаңы башчысы менен Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси кудалар экенин белгилеген.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх