Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Бизди коронавирустан сактаганга жарабаган өкмөт отставкага кетсин»

 

Бишкектеги митингдин катышуучусу Кыргызстан Кытайга гумжардам көрсөтүп жаткан маалда элдин өзүндө бет кап жок экенин айтып чыкты

Ала-Тоо аянтында өтүп жаткан митингдин катышуучуларынын бири Кыргызстанда мыйзамсыз жашаган кытайлыктарга каршы сөз менен чыкты.

«Кытайлыктар биздин чек арадан мыйзамсыз өтүп жатышканына мен каршымын. Бул менин бала-чакама, бардык кыргызстандыктарга зыянын тийгизип жатат. Эгерде менменсинген державалардын колунан келбесе биздин эл эмне болот? Биздин медицина алсыз. Эмнесин айталып, бетибизге такчу бет кап дагы жок. Өзүнүн жарандарын коргой алышпайт дагы, Кытайга гумжардам жиберишет. Өкмөт бизди бет кап менен камсыз кылышы керек. Болбосо отставкага кетишсин баары», - деди активист айым.

Зулайка Эркимбаева
Медина Купсулдаева
Видео Vesti.kg
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх