Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖК депутаты: Садыр Жапаровду колдоо митингине акча чет өлкөдөн алынып келинди

Бишкекте өтүп жаткан нааразычылык акциясына эл өкүлдөрүнүн көз караштары кандай?

Камактагы мурдагы депутат Садыр Жапаровдун тарапташтарынын нааразычылыгын үчүнчү жактар колдонуп кетип, элди митингге ошолор чыгарган болушу мүмкүн. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына ЖК депутаты Аида Исмаилова бөлүштү.

- Мен негизи эле элдер көйгөйлөрүн митингге чыгып чечишкенине каршымын, анткени өз карашыңды билдирүүнүн башка деле жолдору бар да, - деп белгиледи ал. Мага, эмнегедир бул акция үчүнчү жактардын колдоосу менен өткөндөй сезилүүдө, аларга элдин каалаган нааразычылыктары ыңгайлуу. Алар элди жөн гана өз кызыкчылыктары үчүн колдонушат. Акцияны өткөрүүгө акча чет өлкөдөн алынып келсе керек деген да ой болду менде.

Аида Жекшенбаевна Кыргызстанга революциялар менен саясий абалды туруксаздыштыруу аракеттери жетишерлик болгонун, алар болгону экономиканын түшүшүнө гана алып келерин кошумчалады.

- Жөнөкөй жаран катары мен митингдерге каршымын, жетишет, - деди ал. - Көйгөйлөрдү тынчтык жолу менен үйрөнүү керек.

Өз кезегинде башка парламент мүчөсү Руслан Казакпаев жарандар тынчтык жыйындарына чыгууга конституциялык укугу бар экенин жана мында жаман эч нерсе жок экенин белгиледи.

- Башкысы, митингдер менен нааразычылык акциялары мыйзам чегинде өтүшү керек, - деди ал Vesti.kg сайтына. - Ал эми Садыр Жапаровдун тарапташтарынын аны бошотуу талаптары боюнча - мыйзам алдында бардыгыбыз бирдейбиз, жөнөкөй жаранбы, депутатпы, президентпи. Эгерде сот адамды кандайдыр-бир нерсеге күнөөлүү деп тапса, ал боюнча мыйзам чегинде даттануу керек. Митингдер - жаман нерсе эмес. Бирок, жарандар камактагыларды бошотобуз деп митингге чыкса, биздин демократия анархияга айланып кетет.

Ал эми эл өкүлү Тазабек Икрамов Vesti.kg сайтына митингдерге каршы эмес, бирок, ага чыккандар коомдук тартиптин бузулушуна жол бербеши керек деп эсепттейт.

 Депутат Исхак Масалиев өз кезегинде нааразылык акцияларында жаман эч нерсе жок экенин жана ал аянтка чыккан Садыр Жапаровдун тарапташтарын түшүнөрүн белгиледи.

- Анын кылмыш иши козголгон убакта президент болуп турган адам азыр өзү тергөө алдында, андыктан, бардык сасий иштер кайра каралып чыгууга тийиш, - деп тактады ал Vesti.kg сайтына. - Жапаровдон башкаларынын иши чындыгында эле кайра каралып жатпайбы. Ал болсо ырайым сурап да кайрылган. Анын тарапташтары мына ушул үчүн нааразы. Башкысы, алар чагымдарга алдырбаш керек. Азыр жаз, жаңылануу мезгили. Анын үстүнө жакында шайлоо болот. Митингдер али алдыда.

Вероника Малышева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх