Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ширин Айтматова: Эгерде «Үмүт 2020» иликтөөлөрүн улантса, менин күйөөмө СИЗОдон кал салуу болушу мүмкүн

Экс-депутат Ак үйдүн коңгуроосу менен чечим чыгарган соттордун адилеттүүлүгүнөн үмүтүн үзгөнүн жашырган жок

Биринчи май райондук сот кечээ ЖКнын экс-депутаты Ширин Айтматованын жарандык күйөөсү - Сыргак Кенжебаевди камакка калтырды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Айтматова өзү бөлүштү.

Анын айтымында анда адилет соттук системага ишеним калган жок.

- Жолдошумдун соту боюнча эмне дээримди деле билбей калдым, - деди мурдагы эл өкүлү. - Соттук системадан адилеттүүлүктү күтпөй деле калдым. Соттун бардык чечимдери Ак үйдүн 7-кабатынын коңгуроосу менен чечилген өлкөдө башкача чечим болмок да эмес.

Мындан сырткары, Айтматова алардын «Үмүт 2020» кыймылы иликтөөлөрүн чыгарууну улантса, Кенжебаевге карата зомбулук кылынышы мүмкүн деген пикирде.

- Албетте, бул мага саясий кысым көрсөтүү ыкмасы, - деди ал. - «Үмүт 2020» иликтөөлөрүн улантса, абактагы күйөөмө кол салуулар болушу мүмкүн.

Буга чейин Биринчи май райондук соту Кенжебаевди 2020-жылдын 20-апрелине чейин камакка калтырган. Жактоочу тарап бул чечимге каршы даттануу менен кайрылып, бирок, чечим өзгөрүүсүз калган.

Эске салсак, 19-декабрда Сыргак Кенжебаев Алматы шаарынын аэропортунан кытай ишкеринин арызынын негизинде алдамчылыкка шектелип кармалган. Айтматова күйөөсүнүн камалышын «Үмүт 2020» кыймылынын ишмердүүлүгү менен байланыштырып келет.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх