Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сапар Исаков бүгүн Петровка айылындагы түзөтүү абагына жеткирилди

ЖАМК СИЗО-1дун камераларынын бардыгы толуп калганын билдиришти

Бишкектеги СИЗО-1дин учурда бардык камералары толуп калды. Ошол эле маалда убактылуу кармоочу жайларда отурган адамдар СИЗОго алып келиниши керек. Буга байланыштуу жаза өтөө режими жана орду аныкталган жарандар бүгүн, 23-апрелде Чүй жана Бишкек шаарындагы абактарга жайгаштырылды. башка соттолгондор менен бирге Сапар Исаков №8 -түзөтүү абагына, Салайдин Авазов №27 -түзөтүү абагына жеткирилди. Ал эми Жантөрө Сатыбалдиев № 47-түзөтүү абагына которулат, учурда ал алып кетүү кезегин күтүп жатат.

Буга чейин ЖАМКнын атайын комиссиясынын кезектеги жыйыны өтүп, анда 86 жарандын жаза өтөө орду каралган.
Белгилей кетсек, өлкөнүн аймагында жалпы режимдеги 4 түзөтүү абагы бар: экөө Чүй облусунда жайгашкан, бирөө - Бишкекте, бирөө - Жалал-Абад шаарында.

Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх