Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Төрөбаевдин партиялардын лидерлерине коюлган талаптарды өзгөртүү боюнча сунушун негизсиз дешүүдө

Парламент мүчөсү саясий бирикмени 30 жаштан ашкан адам гана башкара алат деген пикирде

Кыргызстандагы партиялардын лидерлигине 30 жаштан ашкан адам гана келсин деген сунуш негизсиз. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына экс-премьер-министр, «Ар-Намыс» партиясынын лидери Феликс Кулов бөлүштү.

Тактай кетсек, депутат Бакыт Төрөбаев «Саясий партиялар жөнүндө» мыйзамга толуктоолорду киргизүүнү сунуштаган. Башка өзгөрүүлөр менен катар, парламент мүчөсүнүн пикиринде саясий партиялардын лидерлигине 30 жаштан ашкан, жогорку билимдүү, аталган саясий партиянын курамында кеминде 5 жыл турган жана мурда соттолбогон Кыргыз Республикасынын жараны боло алат.

- Кызыктай сунуш, биздин өлкөнүн Конституциясы 21 жашка чыккан жарандарга депутат болууга уруксат берет да, - деп белгиледи Феликс Шаршенбаевич. - Негизи эле, талапкерлерди жаш курагына карап тандоо туура эмес. Билими жана сындаганды эле эмес, тигил же бул көйгөйлөйрдү чечүүгө өз чечимдерин сунуштай билүү алда канча маанилүү. 70 чыгып, жөндүү эч нерсе сунуштай албаган деле адамдар болот. Өмүр бою «жогору жактарда» секирип жүрө беришкендер. Ошол эле маалда жаштарда мыкты идеялар көп болушу мүмкүн.

Саясат таануучу Марс Сариев дагы мындай толуктоолордун зарылдыгы жок деген пикирде.

- Азыр креативдүү жаштар көп, 30га чыга элексиң деп эле партиялын лидери кылбай коюу туура эмес, - деди ал Vesti.kg сайтына. - Текебаев сыяктуу дөө-шаалар деле жаңылышы мүмкүн. Өлкө өнүгүш үчүн саясатка жаштар келиши абзел.

Марс Осмонкулович учурдагы саясатчыларды жаштардын активдүүлүгү барган сайын күчөп баратканы чоочутуп жатышы мүмкүн деп болжойт. Өлкөнүн өнүгүшүнө бут тосчу мыйзам толуктоолор ушундай жол менен пайда болот.

- «Реакция» өңдүү жаштардын митинги демек байкалбай калган жок, - деп белгиледи ал. - Буга чейин саясатчылар кандайдыр-бир саясий фигуралар жоктон бар болуп чыга калат деп ойлошчу да эмес. Бул аларды кооптонтот, бийликтеги абалдарын коргош үчүн анан ар кандай толуктоолор сунушталып жатат.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх