Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дастан Жумабеков: Эгерде биз маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү мыйзамды кабыл алсак, алдыдагы көптөгөн башаламандыктардын алдын алабыз

ЖК төрагасы Гүлшат Асылбаеванын чырлуу демилгесин эмнеге кабыл алуу керектигин түшүндүрдү

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков парламенттин жыйынында кесиптештерин маалыматты манипуляциялоо жөнүндө мыйзам долбоорун колдоого чакырды.

- Бизде демократиялык өлкө, - деп эске салды төрага. - Кудайга шүгүр, бизде эч ким өз пикириңди ачык айтууга тоскоол болбойт. XX кылымда биз гезит жана журналдарды сатып алчубуз. Эгерде, ошол маалда кимдир бирөө башкасына карата жалган жалаа жазса, адам басылманы сотко берүүгө укуктуу болчу. Биз XXI кылымда жашап жатабыз. Азыр ал гезит жана журналдарды эч ким деле окубайт. Элдер учурда маалыматты кайдан алат? Интернеттен.

Төрага өлкөнү алдыда технологиялык өзгөртүүлөр күтүп жатканын белгиледи.

- Эгерде биз бул мыйзам долбоорун кабыл алсак, алдыдагы көптөгөн башаламандыктардын алдын алабыз, - деп тактады Жумабеков. Биз бул жерден адамдардын укуктарын коргоп жатабыз. Эгерде, ЖМК, Интернет тарабынан фейк аккаунттар ачалып, күнөөсүз адамдарга карата жалган маалымат тараса, мындан жабыркаган кишин акташ керек да. Адам тийиштүү органдарга кайрылып, тролдордун өздүгүн аныктоону сурана алат. Андан соң жабырлануучу ага жалаа жапкан адамдын үстүнөн арыз жаза алат. Бул мыйзам. Демилгечилердин ушундай гана ниеттери бар.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх