Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Гүлшат Асылбаева: Сын деген конструктивдүү болушу керек. Көгүштөрдүн, кызылдардын же жашылдардын параддарын жарнамалоонун кереги жок!

Парламент мүчөсү кайрадан чырлуу мыйзам долбоорунун максатын түшүндүрүүнү аракет кылды

Депутат Гүлшат Асылбаева парламенттин жыйынында кайрадан ал демилгелеген маалыматты манипуляциялоо боюнча мыйзам долбоорунун максаттарын түшүндүрүүнү аракет кылды.

- Мыйзам долбооруна чейин депутаттар жаш балдарга порносайттарда отурууга, адамдарды Сирияга үндөгөн оюндарды көрүүгө тыюу салган мыйзам долбоорун демилгелешкен, - деди эл өкүлү. - Менде фамилия жана телефондор көрсөтүлгөн 25 адам кол койгон документ бар. Бул сураныч болчу. Бирок, эмнегедир анда депутаттар ал мыйзам долбоорун колдошкон эмес. Демек, аларга баары бир болчу. Биз оңой жол менен барып, фейк аккаунттарга каалаганын жүктөөгө тыюу салалык деп жатабыз. Чындык менен күрөшүүнү кайдан көрүп жатасыңар. Бул жакта сынга каршы эч ким чыккан жок го?

Асылбаева сын конструктивдүү болушу керектигин белгиледи.

- Сын сен эмне кылдың жана эмне кылышың керек эле, ошону айтыш керек. Жеке мамилелерге өтпөй, мазактоосуз, көгүштөрдүн, кызылдардын жана жашылдардын параддарын жарнамалоонун кереги жок! - деди эл өкүлү. Ар намыс, кадыр барк жана абройду коргоого укук бар. Эмнеге силер нормаларды бурмалап жатасыңар. Эч кандай экономикалык жана абийирдик кесепеттер жок. Силер, эркектер Манастын тукумусуңар! Согушка көкүрөгүңөрдү тосуп баары чыкчу. Эмне жөнүндө айтып жатасыңар? Алар кылычын көтөрүп, душманга каршы чыгышчу, жашынып жатышчу эмес. Фейк - бул калп, жаман нерсе. Айткыла, бирок, жашынбагыла.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх