Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Исхак Масалиев: Бийлик элден коркконунан Өзгөчө абал киргизген жок. Акча жок, элди болсо багуу керек

Экс-депутат, ошондой эле өлкө бийлиги кандай болгон күндө да күзүндө парламенттик шайлоону өткөрүүнү каалап жатат деген пикирде

Кыргызстандын бийлиги Өзгөчө абал режимин элден коркконунан киргизбей жатат. Мындай пикирин социалдык тармактагы жеке баракчасында экс-депутат Исхак Масалиев бөлүштү.

«Ден-соолук маанилүүрөкпү же бийликпи? Өзгөчө абал режимин киргизүүнүн кажети жок деди Боронов. Дарысы жок вируска чалдыккандардын саны күндөн күнгө өсүүдө. Элдер азыр дал ушул оорудан көз жума башташты. Анда эмнеге чектөөлөрдү киргизбей жатышат? Менимче, мунун эки себеби бар:

Биринчиси - бийлик элден коркууда. Анткени, ӨА шартында элди багыш керек, ал эми бюджетте акча жок. Бир канча убакыттан кийин болсо эл бийликтин өзүн тарыхтын таштандысына ыргытып жиберет
Экинчиси - кандай болсо да, күзүндө ЖКнын шайлоосун өткөрүү керек болуп жатат. Эл ооруй берсин, кыйнала берсин - парламентти шайлап алып, илдет менен андан ары күрөшөбүз. Ушундай жөнөкөй жана уятсыз. Жаңылган болсом, сүйүнмөкмүн», - деп жазган ал.

Эске салсак, буга чейин Vesti.kg Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаевдин Бишкек шаарында азырынча Өзгөчө абал киргизилбей турганын айтканын жазган.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх