Сооронбай Жээнбеков бүгүн коопсуздук кеңеши менен отурум өткөрөт
Отурум аз адамдардын катышуусунда өтөт жана видео конференция форматында болот
Отурумга шаарлардын мэрлери, алыскы райондордун акимдери катышат.
Отурумда учурда журуп жаткан эпидемиологиялык кырдаал талкууланат.
Вице-премьер-министр Аиды Исмаилова, саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов жана Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов пандемияга каршы кандай иштер журуп жаткандыгы тууралуу баяндайт.
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз