Menu
RSS
Реклама Vesti

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Космосбек Чолпонбаев суракка чакырылды

  • жолу 341 кароо
Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевди суракка чакырды
Бул туурасында аталган органдын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, Финполдун тергөө бөлүмү экс-министрди үстүбүздөгү жылдын март айында ачылган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында чакырган. Ал Саламаттык сактоо министрлигинин кызмат адамдарына карата “коррупция жана өзүнчө бир фармацевтикалык компаниянын кызыкчылыгын коргогон” деп козголгон кылмыш иши боюнча көрсөтмө берери айтылат.
Өмүрбекова менен Чолпонбаевдин кызматтан кетишине эмне себеп болду?
Учурда бул факты боюнча тергөө жүрүп жатат.
Космосбек Чолпонбаев 2018-жылы 20-апрелде саламаттык сактоо министри болуп дайындалган. Быйыл коронавирустун алдын алуу иштерин чабал аткарганы үчүн президент Сооронбай Жээнбековдон тил угуп, 1-апрелде кызматтан алынган.
Даяр эмес экенсиңер! Жээнбеков саламаттык сактоо министрине каарын төктү
Коопсуздук кеңешинин чечимине ылайык, январь айында вирусологдор менен лаборанттар Чолпонбаевге COVID-19 жуктургандарды аныктоо жана анализдерин чыгаруу үчүн тест-системаларды алуу зарылдыгын айтып, бир нече жолу кайрылышкан. Бирок алардын сунуштары этибарга алынган эмес. Мунун кесепетинен лабораторияларды керек болгон материалдар менен камсыздоо түйшүк жараткан.
 
Ой-пикир кошуңуз


Наверх