Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Боронов медицина кызматкерлеринин эс алууга кетишине тыюу салды

“Барыбыз билебиз ар бир адам эсалыш керек, бирок медициналык кызматкерлер бизди түшүнөт деген үмүттөмүн”-Боронов

Премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык штабдын кезектеги жыйынында медициниалык кызматкерлер эмгек өргүүсүнө чыкпашы тууралуу билдирди.

"Барыбызга эсалуу абдан керектүү, бирок азыркы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу врачтардын кызматы элге абадай керек. Биздин мамлекетке мед.кызматкерлер жетишпегендигине байланыштуу алар суткалап иштеп жатышат, ошондуктан мед.кызматкерлер эгер ооруп калбаса кесиптештерине жардам кылып колдош керек"-дейт Боронов.

Азыркы убакта Саламаттыкты сактоо министрликтин берген маалыматына караганда айрым мед. кызматкерлер эсалууга чыгып кеткен.

“Врачтар бизди түшүнөт деп ойлойм, бардыгы жумуш ордунда болуп элге жардам берип адамдардын өмүрүн сактап калат. Азыркы учурда Бишкек шаары жана Чүй аймагында ооругандардын саны туу чокусуна,чегине жетти”- дейт министр Боронов.

 

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн басма сөз кызматы

фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх