Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Россия Федерация Кеңешинин Төрайымы В.Матвиенко ЖК депутаттарына көңүл айтты

Россия Федерация Кеңешинин Төрайымы В.Матвиенко Дастанбек Артисбековичке  телеграмма жөнөттү

Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеӊешинин Төрайымы Валентина Матвиенко Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, депутат Турсунбеков Чыныбай Акуновичтин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу Төрага Дастанбек Жумабековго көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

Анда мындай деп айтылат:

"Урматтуу Дастанбек Артисбекович!

Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеӊеши кесиптешибиз, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, депутат Турсунбеков Чыныбай Акуновичтин каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдык.

Биз Чыныбай Акуновичтин парламенттер аралык байланышты өнүктүрүүгө кошкон салымын жогору баалайбыз. Анткени ал Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын ишине Кыргызстандын парламенттик делегациясынын жигердүү катышуусуна өзгөчө көңүл бурчу.

Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеӊеши аталган асыл инсанды эч качан унутпайт!

Федерация Кеңешинин мүчөлөрүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге, урматтуу Дастанбек Артисбекович жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Ошондой эле Чыныбай Акуновичтин туугандарынын жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшөбүз!

Урматтоо менен,

В.Матвиенко"

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх