Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте активисттер парламенттик шайлоону жылдыруу талабы менен тынчтык митингине чыгышат

Активисттер өкмөттү өзүнүн алсыздыгын моюнга алып, өз эрки менен отставкага кетсин дешүүдө

Бүгүн Бишкекте, саат 11:00дө Ак үйдүн имаратынын алдында митинг өтөт. Бул тууралуу активисттер Фейсбук социалдык тармагындагы баракчаларында билдиришүүдө.

Алардын башкы талабы - Жогорку Кеңештин шайлоолорун жылдыруу. Уюштуруучулар шайлоону өткөрүүгө багытталган бардык каражаттарды элге медициналык жардам катары берүүнү талап кылышууда.

Жарандар учурдагы өкмөттөн өзүнүн алсыздыгын моюнга алып, өз эрки менен отставкага кетишин талап кылышууда.

«Шалаакылык, кызмат абалдарын кыянаттык менен пайдалануу, медициналык жардам көрсөтпөй, адамдардын өмүрүн коркунучта калтыруу фактылары боюнча жооптуу аткаминерлерге карата сотко чейинки өндүрүш иштерин баштоону өкмөттүк органдардан талап кылабыз», - деп жазышат активисттер.

 

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх