Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Строкова: «Шайлоону жылдыргыла деп төшүн чапкылаган кесиптештер, жүрөктү айлантпагылачы!»

Парламент мүчөсү шайлоо алдындагы кампания али баштала электигин эске салды

ЖК депутаты Евгения Строкованын пикиринде парламенттик шайлоону жылдыруу талабын билдирген кесиптештери пиар жасашууда. Бул тууралуу ал Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасына жазган.

«Шайлоо жөнүндөгү пиарларлары менен кесиптештерибиз ушунчалык тажатты, - деп жазган эл өкүлү. -Биринчиден, шайлоонун күнүн белгилебей коюу мыйзамга каршы келип калмак! Экинчиден, балким күзүндө Өзгөчө абалы киргизилет, андай боло турган болсо жаздагыдай шайлоону жылдырууга мүмкүн болот.

Дегеле, кайдагы шайлоо алдындагы кампанияны токтотуу тууралуу сөз болуп жатат, түшүнбөйм?! Эгерде, алар аны өткөрүп жаткан болсо, демек алар биринчи болуп мыйзамды бузушту! Ушундай абалда, анын үстүнө. Өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып! Шайлоо алдындагы кампания шаайлоого бир ай калганда башталат! Пиар деп атып баарын унутуп калган жоксуңарбы. Жүрөктү айлантпагылачы!».

 Эске салсак, буга чейин парламенттик шайлоону жылдыруу талабын «Ата Мекен» фракциясынын мүчөсү Наталья Никитенко айтып чыккан. Кечээ ушундай эле сунушту «Республика» партиясынын лидери Мирлан Жеенчороев да билдирген.

Ошондой эле, кечээ күнү БШК мүчөсү Атыр Абдрахматова президентке кайрылып, Жогорку Кеңештин шайлоолорун жылдырууну суранган.

Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх