Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Москвадан Бишкекке 233 Кыргызстандын жараны учуп келди

Бул каттам менен кош бойлуу жана кичинекей балдары бар аялдар, Россиянын окуу жайларында билим алган студенттер, мекенине кайтууга жүйөлүү себептери бар жарандар келген

Москвадан Бишкекке «Уральские Авиалинии» авиакомпаниясынын учагы менен 233 кыргызстандын жараны өз мекенине кайткан. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Министрликтен билдиришкендей, мекенине кайтууну каалаган жарандардын саны көп болгондуктан, келе турган жарандардын тизмеси кыргыз диаспорасынын, Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин өкүлдөрүнөн турган комиссия тарабынан түзүлгөн.

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси жарандардын жеке кайрылууларынын негизинде гуманитардык критерийлер боюнча түзүлгөн. Маселен, бул каттам менен кош бойлуу жана кичинекей балдары бар аялдар, Россиянын окуу жайларында билим алган студенттер, мекенине кайтууга жүйөлү себептери бар жарандар (жакын тууганын жоготкон, оор илдети бар, жакында арада операция болгон жарандар) кайтарылган.

"Чет жерде жүргөн Кыргызстандын жарандарын өлкөгө кайтаруу боюнча иштер улантылууда", - деп билдирет министрлик.

КР ТИМ басма сөз кызматы

Фото www 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх