Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Екатеринбургдан Бишкекке 191 Кыргызстандын жараны учуп келди

Бул авиакаттам менен Курган, Сургут, Ханты-Мансийск, Салехард, Ноябрьский жана Пермдеги кыргыз жарандары учуп келишкен

Екатеринбургдан Бишкекке «Авиатраффик» авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен 191 кыргызстандын жараны учуп келген.

Бул рейс менен Урал федералдык округунда окуган студенттер, кош бойлуу жана кичинекей балдары бар аялдар, мекенине кайтууга жүйөлүү себептери бар жарандар келген.

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Урал федералдык округундагы жарандардын жана кыргыз диаспораларынын кайрылуулары менен түзүлгөн. Мындан тышкары, мурда билет алып уча албай калгандар эске алынган.

Чет мамлекеттерде жүргөн кыргызстандыктарды мекенге кайтаруу иши улантылып жатканын билдирди министрлик.

 

КР ТИМ басма сөз кызматы.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх