Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Экс-депутат Исхак Масалиев парламентке кайра барсамбы деп ойлонууда

«Барсак деле болот, бирок, кантип?»

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан мурдагы депутат, Кыргызстандын Коммунисттик партиясынын лидери Исхак Масалиев парламентке кайра келүүнү ойлоно баштады. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы социалдык баракчасында жазган.

«Шайлоо кызуу башталды, - деп жазган ал. Таанымалдары да, таанымал эместери да депутат болобуз деп чуркап жүрүшөт. Фейсбук колдонуучуларынын арасында социологиялык сурамжылоо сыяктуу өткөрүп көрөйүн дедим. Албетте, ФБ колдонуучулары - бүтүндөй эл эмес, бирок, салмактуу ойду чагылдырып берет.
Суроом - сиздер кийинки чакырылышта Исхак Масалиевди депутат катары көргүңүздөр келеби? Мен бир чечимге келишим керек болуп жатат».

Экс-депутат акыркы чечимди кабыла элегин Vesti.kg сайтына бөлүштү.

- Бул болгону чакан коомдук сурамжылоо, андан кийинкисин көрө жатарбыз, - деди ал. Барганын го барабыз, бирок, кантип?

Масалиевдин суроосу соцтармакта кызуу талкууга түшкөнүн белгилей кетүү зарыл.

«Сиздей мамлекеттик түзүлүштү, мыйзамдар кандайча жана кимге иштеши керек экенин түшүнгөн адамдар аз, деп жазган Asanbek Baitikov аттуу колдонуучу. Менимче, сиз өлкөнүн жашоосуна кандай жол менен болбосун өз салымыңызды кошушуңуз керек!»

«Ооба, барышыңыз керек. Парламенттин депутаттарынын жок дегенде 50-60 пайызы силердей болгондо Кыргызстанда жашоо алда канча жакшы болмок, - деген Махмаёкуп Орозбайев. - Андыктан, ал-күч, элге кызмат кылганга мүмкүнчүлүк барда алга! Сиз өлкөңүздүң патриоту, абдан билимдүү адам экениңизди бардыгы билет».

Бирок, каршы пикирдегилер да жок эмес.
«Жок дейт элем, - деп чечкен Марат Акылбеков. - Сиз чарчап калдыңыз, тажрыйба, билим, бардыгы бар, бирок, көздөрдө жалындаган от жок».
«Кайра эмнеге барасыз? деп суроо салган Мирбек Бабакулов. – 30 жыл отурдуңуз, эмне майнап чыкты? Өлкөдө саламаттыкты сактоо нөл, билим нөл, башкаруу, кадрлар - бардыгы нөл.»

Эске салсак, 2015-жылы Исхак Масалиев «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан депутат болуп, жыйынтыкта Жогорку Кеңештин төрт чакырылышынын курамында эмгектенген.
2020-жылдын майында ал депутаттык мандатын тапшырып берген.

- Мамлекетте үйүлгөн көйгөйлөргө мен жоопкерчилик тартам, - деп түшүндүргөн саясатчы. - Мен депутаттарды, өкмөттү тигил же бул көйгөйлөрдүн чечилишине көндүрө алган жокмун. Ошондуктан, кетейин деп чечтим.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх