Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Партиялардын шайлоо фондуларындагы каражаттар жөнүндө жаңы маалымат

Эң көп каражат «Кыргызстан» партиясында, эң аз мурдагыдай эле «Жашылдар партиясында»

Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтында 2020-жылдын 07-августуна карата саясий партиялардын шайлоо фондуларына каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат жарыяланды

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41-беренесинин 12-пунктуна ылайык банк же башка мекемелер саясий партиянын атайын эсебинде турган каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына жума сайын маалымат берип турууга милдеттүү. Ал маалымат келип түшкөнүнө жараша жеке маалыматтар жана банк сыры жөнүндө мыйзамдарды эске алуу менен Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына милдеттүү түрдө жайгаштырылууга тийиш.

КР БШКнын контролдук-текшерүү тобу 2020-жылдын 07-августуна карата 44 саясий партиянын ичинен 42си БШК тарабынан белгиленген эки банк мекемеси – “РСК Банк” ААКда  жана “Айыл Банк” ААКда атайын эсептерин ачып, шайлоо фондуларын түзгөнүн билдирет.

Төмөндө банк маалыматтарынын негизинде 12 саясий партиянын шайлоо фондуларына каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат берилди. Башка партиялардын шайлоо фондуларынын атайын эсептериндеги каражаттардын кыймылы азырынча жок.

 «Мекеним Кыргызстан» партиясы

2020-жылдын 9-июлунан 7-августка чейин – 3 млн 35 миң сом түштү;
Ушул эле убакыт аралыгында коротулган акча – 2 млн 718 миң 405 сом.

 «Социал-Демократтар»

2020-жылдын 9-июлунан 7-августка чейин - 1 млн 703 миң 510 сом;
Ушул эле убакыт аралыгында коротулган акча  - 1 млн 544 миң 8 сом.

«Жашылдар партиясы»

2020-жылдын 9-июлунан 7-августка чейин  - 200 сом;
Ушул эле убакыт аралыгында коротулган акча – 0 сом.

«Бир Бол»

2020-жылдын 9-июлунан 7-августка чейин  - 9 млн 676 миң сом;
Ушул эле убакыт аралыгында коротулган акча  – 5 млн 269 миң 140 сом.

«Республика»

2020-жылдын 9-июлунан 7-августка чейин - 800 миң сом;
Ушул эле убакыт аралыгында коротулган акча – 120 миң 400 сом.

 «Биримдик»

2020-жылдын 9-июлунан 7-августка чейин  - 200 тыс. сомов;
Ушул эле убакыт аралыгында коротулган акча – 80 миң 25 сом.

 «Чон казат»

2020-жылдын 9-июлунан 7-августка чейин   – 375 миң сом;
Ушул эле убакыт аралыгында коротулган акча – 0 сом.

ПП «Мекенчил»

2020-жылдын 9-июлунан 7-августка чейин   - 11 миң 500 сом;
Ушул эле убакыт аралыгында коротулган акча – 20 сом.

«Ата-Мекен»

2020-жылдын 9-июлунан 7-августка чейин  - 1 млн 999 миң 900 сом;
Ушул эле убакыт аралыгында коротулган акча – 0 сомов.

«Реформа»

2020-жылдын 9-июлунан 7-августка чейин   - 348 миң 520 сом;
Ушул эле убакыт аралыгында коротулган акча– 0 сом.

 «Кыргызстан»

2020-жылдын 9-июлунан 7-августка чейин- 10 млн сом;
Ушул эле убакыт аралыгында коротулган акча– 0 сом.

 «ОРДО»

2020-жылдын 9-июлунан 7-августка чейин - 200 миң сом;
Ушул эле убакыт аралыгында коротулган акча – 195 миң 835 сом.

КРнын БШКнын басма сөз кызматы

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх