Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Оорунун экинчи толкунунун чыгышына карабастан 1-сентябрда 1-класска баруучу 156 миң окуучуга мектептердин эшиги ачылат

Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун чечимин толугу менен жактырарын айтты

Билим күнү, 1-сентябрда, 1-класска баруучу 156 миң окуучуга менчиктин түрүнө карабастан мектептердин эшиги ачылат. Ал эми калган класстардын бардыгы онлайн режимде окутулат. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында билдирди.

«Быйылкы окуу жылы кандай өтөт деп элибиз күтүп жатат. Буга чейин министрлик бир нече варианттарды сунуштаган. Биринчиден, өлкө Президенти Сооронбай Жээнбеков баса белгилеп кеткендей, мектепке барам деп чыдамсыздык менен күтүп жаткан кичинекей балдарыбыздын тилектерин ишке ашырышыбыз керек. Биз да толук колдойбуз: 1-класстын 156 миң окуучусуна 100% мектептердин эшиктери ачылат. Баланын социалдык адаптациясы, окуу көндүмдөрү, колдун моторикасы өзүнүн жаш курагында калыптанышы абдан маанилүү. Ошол эле учурда экинчи жагынан анын эпидемиологиялык кырдаалдын шарттары эске алынып, окутуунун алгоритмдери толук жана так иштелип чыксын», - деп билдирди Кубатбек Боронов.

Премьер-министр белгилегендей, жалпы аймактардагы эпидемиологиялык абал толук турукташа элек. «Прогноздор боюнча кийинки толкундун чыгышы толук ыктымал. Ошондуктан Министрлик калган варианттарды сунуштап жатканда эпидемиологиялык кырдаалды эсинен чыгарбоого тийиш. Эпидемиялык абалдын курчуп кетишине жол ача турган учурлардын бардыгына бөгөт коюшубуз керек. Ал эми окуу процессин кийинки чейректерде жандандыруу маселеси өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды эске алуу менен Республикалык штабдын талкуусунан өтүүсү тийиш”, - деп жыйынтыктады ал.

КР ӨКМӨТҮНҮН басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх