Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Боронов: Ишкерлерге бөлүнгөн 14 миллиард сом дээрлик пайдаланылбай жатат

Премьер-министр бийликтегилер бизнестин кантип  күйүп жатканын жөн эле карап отурбашы керек экенин баса белгиледи

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Өкмөттүн кезексиз жыйынында өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы талкууланып жаткан учурда билдирди.

«Активдүү ишкерлик - бул өлкөнүн экономикасынын өнүгүшү. Биз бизнеске жардам берүүгө гана даяр болбостон, анын өнүгүшүнө да кызыкдар болушубуз керек. Алардын ишмердүүлүгүнө көз салып туруу керек, эгер күтүлбөгөн жерден начарлай баштаса, анда өнүгүү боюнча сунуштарды бергиле. Мисалы, бөлүнгөн 14 млрд сом колдонулган жок. Демек, ишкерлерге бул программа боюнча маалымат жакшы жеткен эмес. Калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, бул программа алардын киреше табуусуна багытталып иштелип чыкканын айтып жеткирүү зарыл», - деди Премьер-министр.

Ошондой эле Өкмөт башчы насыя алуунун жол-жобосун жөнөкөйлөтүү тапшырмасын берди.

«Алгач бул программанын үстүнөн иштеп жатканда бюрократиялык жолдор көп болчу. Биз аларды максималдуу түрдө кыскартууга аракет кылдык. Азыр алуучула үч эле негизги критерий калды. Калган башка критерийлер боюнча банктар өздөрү керектүү маалыматтарды таап алышат. Ошондой эле арызды кароонун мөөнөтүн кыскартуу шарт. Ишкер бир жуманын ичинде насыя аларыиже албашы боюнча маалымдар болууга тийиш», - деди Кубатбек Боронов.

Премьер-министр ошондой эле мамлекеттин үлүшү бар акционердик коомдордун ишин талдап, милдеттенмелер аткарылбаса, бул объектилерди жабуу тапшырмасын берди.

«Же аларды мамлекеттик-жеке өнөктөштүккө өткөрүү керек. Бул программа силер максималдуу түрдө колдонбой жатасыңар. Программа менен болгону 2 долбоор гана иштеп жатат. Болгондо бирөө алгачкы стадиясында. А негизи бул программа дүйнө жүзүндө колдонулуп, мамлекетке чоң пайда алып келет. Программага инвестиция салууга даяр инвесторлор менен ишти күчөтүү зарыл», - деп Кубатбек Боронов сөзүн жыйынтыктады.

КР ӨКМӨТҮНҮН басма сөз кызматы
фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх