Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Президент Сооронбай Жээнбеков эки күндүк иш сапары менен Нарын облусуна барат.

Санариптештирүү жана аймактардагы ички жолдорду реконструкциялоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн көрүп чыгат.

Президент Сооронбай Жээнбеков Нарын облусуна иш сапары менен барат
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкө аймактарына болгон иш сапарларын улантууда. Мамлекет башчысы 19-20-август күндөрүндө эки күндүк иш сапары менен Нарын облусуна барат.

Президент Кочкор, Ат-Башы, Нарын райондорунда жана Нарын шаарында коронавирус инфекциясынын пандемиясы шартында санариптештирүү жана аймактардагы ички жолдорду реконструкциялоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн көрүп чыгат. Ошондой эле айыл чарба, кайра иштетүү, ирригация, медицина, билим берүү жана энергетика объектилеринин ишмердүүлүгү менен таанышат

КР ПРЕЗИДЕНТТИК АППАРАТЫ басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх