Экс ички иштер министри Megacom компаниясынын башкы директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды
Компаниянын башчысы убактылуу ээлеген кызматынан бошотулган
Мурунку ички иштер министри Абдылда Суранчиев Megacom уюлдук операторунун бренди менен белгилүү болгон "Альфа Телеком" ЖАК мамлекеттик компаниясынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу Vesti.kgге Megacom компаниясындагы өз булактары маалымдады.
Компаниянын башкы директору Акылбек Жамангулов шайлоо кампаниясынын убагында кызматынан убактылуу четтетилген. Эгерде Жамангулов ЖКнын депутаты боло албаса, анда ал мурунку иштеген жерине кайтууга ниеттенүүдө.
Эске салсак, Акылбек Жамангулов 2018-жылдан бери "Альфа Телеком" ЖАКтын башчысы болуп келген. Ал Биримдик партиясына кошулуп, отставкага кетти.
Абдылда Суранчиев 2013-жылдан 2014-жылга чейин Ички иштер министрлигин жетектеген. 2019-жылы "Альфа Телеком" ЖАК башкы директорунун биринчи орун басары болуп дайындалган.
Медина Купсулдаева
Фото www