Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

БШКнын башчысынын орун басары: Бул жалпыга маалымдоо каражаттары шайлоочуларга маалыматты тандоо мүмкүнчүлүгүн берет

Шайлоо мезгилиндеги үгүт иштерин каржылоо маселелерин чагылдырууда ЖМКнын ролу боюнча коомдук диалог болуп өттү

Бүгүн, 21-августта, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы "Жарандык платформа" коомдук фонду менен биргеликте "Шайлоо мезгилиндеги үгүт иштерин каржылоо маселелерин чагылдырууда жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу" коомдук диалогун өткөрдү.

Иш-чара Кыргыз Республикасындагы ПРООНдун колдоосу менен өткөрүлүп жаткан Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо кампаниясын каржылоонун ачык-айкындыгы боюнча билим берүү долбоорунун алкагында өткөрүлдү.

Коомдук диалогдун негизги максаты - шайлоонун жыйынтыктарынын сапатына жана ишенимдүүлүгүнө түз жана олуттуу таасир эткен шайлоо өнөктүгүн каржылоо маселелерин жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет басылмалардын өкүлдөрү менен талкуулоо.

Куттуктоо сөзүн БШКнын Төрагасынын орун басары А.Бегматов, ПРООНдун Шайлоону колдоо программасынын улук кеңешчиси Ю.Шипилова жана Жарандык платформа коомдук фондунун директору А. Усупбекова айтышты.

БШКнын Төрагасынын орун басары ЖМКнын жана интернет басылмалардын шайлоо процессиндеги ролу жөнүндө айтып берди.

«Бул жалпыга маалымдоо каражаттары, шайлоочуларга маалыматты тандап алууга, шайлоо процессинин бардык негизги кызыкдар тараптарынын ортосунда коммуникациялык функцияны жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк берет. Андан тышкары, жалпыга маалымдоо каражаттары шайлоочуларды маалымдап гана койбостон, шайлоонун ачык-айкындыгын, мыйзамдуулугун жана ишенимдүүлүгүн дагы камсыздайт ”, - деди ал.

ПРООНдун Шайлоону колдоо программасынын улук кеңешчиси Юрий Шипилова өз сөзүндө акча саясатта өтө маанилүү ролду ойной тургандыгын жана жарандардын кийинки тандоосуна таасирин тийгизээрин белгиледи.
«Массалык маалымат каражаттары жана интернет-басылмалар саясий партияларды кандайча каржылап жаткандыгы, акча коротуп жатканы жөнүндө объективдүү жана бейтарап маалымат бериши өтө маанилүү. Бул шайлоочуларга шайлоо өнөктүгүн каржылоо ыкмалары алгылыктуу же алгылыктуу эместигин толук түшүнүп, маалыматтуу тандоо жасоого мүмкүндүк берет ”, - деди Шипилова.

«Жарандык платформа» коомдук фондунун директору Усупбекова ЖМК демократиялык мыйзамдуулуктун, күчтүү жарандык коомду куруунун, реформалардын ачык-айкындуулугун камсыз кылуу процессинде маанилүү ролду ойной тургандыгын белгиледи. Жарандар өзгөрүүлөр, өлкөдөгү орун алган көйгөйлөр, ошондой эле алардын чечилишин күтүп жаткан маселелер жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу тиешелүү маалыматты алышат, деди ал.

«Биздин өлкөдө үгүт иштерин каржылоо маселеси жакында пайда болду, көпчүлүк катышуучулар талапкерлердин үгүт фонддорунун ачыктыгы жана отчеттуулугунун негизги түшүнүктөрү менен тааныш эмес. Ошондуктан, биздин бүгүнкү диалог - саясий каржылоонун концепцияларын талкуулоо боюнча биринчи ачык диалог, ошондуктан бардык кызыкдар адамдар үгүт иштерин каржылоонун негизги эрежелерин түшүнүп, шайлоо алдындагы талапкерлерге жана партияларга отчеттуулуктун так механизмдерин чагылдырган ачык маалыматтар аркылуу өнөктүктү каржылоонун мониторинги боюнча билимге ээ болушат. Биздин журналисттик коомчулугубуз мамлекеттик саясатка жетүүгө жана жарандарга саясат менен акчанын ортосундагы мамиле жана каржылоонун шайлоонун натыйжаларына тийгизген таасири жөнүндө маалымат берүүгө мыкты мүмкүнчүлүккө ээ ”, - деди ал.

Усупбекова белгилегендей, биринчи коомдук диалог башталат, андан кийин жарандарга партиялык фонддорду түзүү жана алардын чыгымдалышы жөнүндө маалымат берүү максатында ачык маалыматтар менен иштөөнү каалаган бардык журналисттер үчүн бир катар тренингдер өткөрүлөт.

Маалымат үчүн:

Баардык оперативдүү жаңылыктарды, БШКнын отурумдарын жана видео сабактарын төмөнкү ресурстардан алууга болот:

Телеграмма - SHAYLO2020

Instagram - tsik_kyrgyzstan

Youtube - Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы

Facebook - Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы

одноклассники - https://ok.ru/profile/576521764242

Кыргыз Республикасынын БШК маалымат кызматы
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх