Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри жаңы жетекчилерди тааныштырды

Шаардык муниципалитетте кийинки кадрдык өзгөрүүлөр 

Бүгүн Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаев Ленин районунун жаңы жетекчилери менен тааныштырды

Муниципалдык кызматкерлердин потенциалын сарамжалдуу пайдалануу максатында, "Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесине ылайык, Октябрь районунун акиминин биринчи орун басары Алтынбек Маматов Ленин районунун акиминин биринчи орун басары болуп дайындалды.

Ленин районунун билим берүү борборунун директору Айзада Джунусова ушул эле райондун башчысынын орун басары кызматына которулган. Ал буга чейин райондук администрацияда 14 жыл иштеген.

Тиешелүү буйруктарга борбор калаанын мэри Азиз Суракматов кол койду.

Бишкек шаардык мэриясы
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх