Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

БШКнын экс-башчысы: "Кыргызстан" партиясын  каттоо ачык эле бурмаланган

Акылбек Сариев шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жоопко тартылышы керек деп эсептейт

Шайлоого катышууга "Кыргызстан" партиясын каттоодон өткөрүү үчүн чыр-чатакта БШКнын бурмалоолору ачык көрүнүп турат. Мындай пикирди Борбордук шайлоо комиссиясынын экс-төрагасы, шайлоо технологиялары боюнча эксперт Акылбек Сариев Vesti.kg менен бөлүштү.

"Бардыгы журналдын каттоосунун убактысы такталган сүрөтүн көрүштү" деди ал. БШК аны  далилдей алган жок,  саат 18: 00дөн кийин акт түзүп, журналисттерге жана партияларга көрсөтүү жетиштүү болду.  Документ болсо басма сөзгө эртең мененки саат 2де гана тапшырылды. Бул бир топ шектенүүлөрдү жаратты.

Акылбек Аблабекович акыркы шайлоолордо мындай чуулгандуу окуялар болгонун кошумчалады.

"Жаңы эч нерсе болгон жок" деди ал. - Акыркы шайлоодо ушундай болду бир мүнөттө партиянын тагдыры чечилди. Менин оюмча партия тараптан субъективдүү фактор роль ойноду. Кыргызстан партиясы жакынкы убакка чейин тизмелерди түзүүдө көйгөйлөр бар деп уктум. Балким, ошол үчүн  алар каттоону кечеңдетишкен. Албетте шайлоо комиссиясы болуп өткөн окуя үчүн жоопко тартылышы керек.

Эскерте кетсек, буга чейин Vesti.kg сайтында кечээ парламенттик шайлоого катышуу үчүн партияларды каттоонун акыркы күнү болгон деп айтылган. "Кыргызстан" партиясы документтерди көрсөтүлгөн 18:00 саатка чейин бере алган жок. Бирок кийинчирээк шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү журналисттерге" Саясий бирикменин катталгандыгын, БШКнын убактысы бүтөйүн деп калды , бирок иш жүзүндө Кыргызстандын өкүлдөрү документтерди өз убагында тапшырышты"-деген. Түн бир оокумда журналисттерге каттоо журналы көрсөтүлүп, ал жерде убакыттын оңдолгону айгинеленип турат. БШКнын башчысы Нуржан Шайлдабекова журналисттерге чыр-чатак боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

Вероника Малышева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх