БШКнын мүчөсү: Иш жүзундө "Кыргызстан" партиясы БШКга документтерин тапшырган жок
Кайрат Осмоналиев чуулгандуу саясий бирикменин каттоосун мыйзамдаштырууга каршы
"Кыргызстан" партиясы иш жүзүндө документтерди БШКга тапшырган жок, анткени аларды расмий өкүл эмес, башка адам алып келген. Бул пикирди Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Осмоналиев Vesti.kg менен бөлүштү.
"Мен "Кыргызстандын" каттоосу мыйзамдуу деп таанылышына каршы добуш берем" деди ал. ЖКга депутаттарды шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамга ылайык каттоо үчүн документтерди БШКга Борбордук шайлоо комиссиясында күбөлүк берилген ыйгарым укуктуу өкүл гана тапшырышы керек. Ошондуктан "Кыргызстан" партиясы документтерди тапшырган жок. Мен мыйзамдуулукту жактайм.
Вероника Малышева
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз