Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

БШКнын жумушчу тобу "Кыргызстан" партиясынын документтерин кабыл албоо чечимин кабыл алды

Борбордук шайлоо комиссиясы документтери талаптагыдай эмес берилген деп эсептейт

БШКнын жумушчу тобу документтерди талаптагыдай эмес берилгендигине байланыштуу, документтерди “Кыргызстан” партиясына кайтарып берүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу кабарды БШКнын жумушчу тобунан Vesti.kg сайтына кабарлады.

БШКнын бул маселе боюнча отуруму саат 17.00дө башталат.

Эскерте кетсек, буга чейин Vesti.kg кечээ парламенттик шайлоого катышуу үчүн партияларды каттоонун акыркы күнү болгонун кабарлаган. "Кыргызстан" партиясы документтерди көрсөтүлгөн 18:00 саатка чейин бере алган жок. Бирок кийинчерээк шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү журналисттерге саясий партия катталганын, убагында тапшырышканын айтышты. Түн бир оокумда журналисттерге каттоо журналы көрсөтүлүп, убакыттын оңдолгонун айгинелеп турат. БШКнын башчысы Нуржан Шайлдабекова журналисттерге чыр-чатак боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх