Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ички иштер органдарынын башкармалыгынын БМЖККнын башчысы материалдык далилдерди уурдоого катышы бар деп шектелип кармалды

Милициянын подполковниги УКМК убактылуу кармоочу жайына жайгаштырылды

 УКМКнын ККК  тарабынан материалдык далилдерди уурдоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында   Ички иштер министрлигинин БМЖКККнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы, милициянын подполковниги "Б.A.A" кармалды.

Эскерте кетсек, буга чейин  Ички иштер министрлигинин ККК кызматкерлери тарабынан изделип жаткан 3 кг ашык алтынды уурдоого катышы бар деген шек менен, Ички иштер министрлигинин  БМЖКККнын үч кызматкери жана эки жаран кармалган.

Бул факты боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин Мамлекеттик тергөө башкармалыгы 320 (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) берене боюнча сотко чейинки тергөө ишин баштады. 

Азыркы учурда аталган фактылар боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин Мамлекеттик тергөө башкармалыгы ыкчам иликтөө ишин жүргүзүп жатат, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-бөлүгү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин пресс-борбору

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх