Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек мэриясы "Жерди ижарага алуучулардын электрондук реестрин" иштеп чыгууда

Функция жакынкы арада ишке кирет

Бишкек шаарынын мэриясынын структуралык  бөлүмдөрүнүн ичинен биринчилерден болуп санарип форматка өткөн Жер ресурстары башкармалыгы  болду.

Документтер  автоматташтырылган системага киргизилет. Бардык келип түшкөн каттар, арыздар, жарандардан, ишкерлерден келип түшкөн кайрылуулар жана башка документтер санарипке өткөрүлдү. Бул тууралуу ЖРБдин башчысы Азамат Сагындык уулу бүгүн онлайн брифингде билдирди.

Жыл башынан бери жер тилкелерине ижара укуктарын берүү боюнча комиссиянын бардык отурумдары  болуп өттү ЖРБдин YouTube жана Facebook социалдык тармактарындагы расмий баракчаларынан таба аласыз.

Бөлүмдүн ыкчам иштеши үчүн тез жооп берүү коддорунун тутуму (QR-код) иштелип чыккан. Азыр муниципалдык жердин ар бир объектисинин өзүнүн атайын коду бар. Аны киргизүү менен адистер жер участогу, анын функционалдык максаты, келишимдин саны жана узактыгы, ижарачынын маалыматтары жана төлөмдөр жөнүндө отчет жөнүндө маалымат ала алышат. Бул процессуалдык маселелерге сарптаган убактыбызды бир кыйла кыскартат.

Так ушул тапта Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун тапшырмасы менен БРБ адистери менен ЦТБ тобу "Жерди ижарага алуучулардын электрондук реестри"  үстүндө иштеп жатышат, анда буга чейин АМСте катталган ар кандай объектилердин жер участокторун ижарага берүү боюнча бардык түзүлгөн келишимдер жөнүндө маалыматтар камтылат, жакында иштей баштайт.

Бишкек шаардык мэриясы
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх